ПостановлениеДействует

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 5/14 «Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жана Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 17-марты № 5/14

Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жана Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7)-пунктуна, 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3)-пунктуна жана 59-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 17-февралындагы №01-8/231 кайрылуу катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жактырылсын.

2. Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы кабыл алынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрайымы У.Дариповага жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн

 

Төрайым

У. Дарипова