ПостановлениеДействует

Сары-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-мартындагы № 5/18 «Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кароо жөнүндө» токтому

Редакцияот 14.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

 

2017-жылдын 14-марты № 5/18

Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна ылайык Сары-Булак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл өкмөтү боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин.

1. Кайрак айдоо -1,0 га -50 сом

2. Чабындылар -1,0 га -40 сомдон бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарга киргизилген айыл чарба жерлери үчүн айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдө ошол район үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдик белгиленгени эске алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика,муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссисына тапшырылсын.

           

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу