ПостановлениеДействует

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 5-январындагы № 1 «Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы уюштуруу I сессиясы

 

2017-жылдын 5-январы № 1

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине жана КР шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесине ылайык айылдык кенештин сесиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу шайлансын.

2. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 38-беренесине ылайык айылдык кеңештин сесиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлансын.

3. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү үчүн комиссиянын курамы үч адамдан турсун жана төмөндөгүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн.

Бекташов Алишер –Жалпак-Таш айылдык кеңешин 6 чакырылышынын депутаты;

Суранбаев Акжолтой–Жалпак-Таш айылдык кеңешин 6 чакырылышынын депутаты;

Исламидин уулу Руслан –Жалпак-Таш айылдык кеңешин 6 чакырылышынын депутаты.

 

Төрага

К. Наркулов