ПостановлениеДействует

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 22-апрелиндеги № 2 «Тарых жана маданият жылына карата номинацияларды ыйгаруу жөнүндө» токтому

Редакцияот 22.04.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 20- сессиясы

 

2016-жылдын 22-апрели № 2

Тарых жана маданият жылына карата номинацияларды ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган жарлыгына ылайык, айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жыл Тарых жана маданият жылына айыл маданиятын көтөрүү боюнча мыкты- айыл, көчө, үй-бүлө, эне, карыя, келин, аксакал, инсан, мугалим, адис, ууз жана башка номинациялары кабыл алынсын.

2. Айылдар, көчөлөр, мекемелерде жана жеке адамдар арасында сынактар өткөрүлүп татыктууларга комиссиялар тарабынан тиешелүү номинациялар ыйгаруу сунуштары айылдык кенешке берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси А.Сулаймановго жана айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

Т. Наримбетова