ПостановлениеДействует

Дөбөлү айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-майындагы № 9/1 «Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 10.05.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы

 

2017-жылдын 10-майы № 9/1

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Өкмөтүнүн «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына кээ бир малекеттик ыйгарым укутарды өткөрүп берүүнүн жоболору тууралуу» 17-март 2014-жылындагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №715 Токтомдорунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө салык кызматынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү туралуу айыл аймагынын башчысы У. Алсейитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча чыгымдардын 2017-жылга сметасы бекитилсин.

2. Керектүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын башчысы У. Алсейитовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Турганбаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Бектемиров