ПостановлениеДействует

Момбеков айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-мартындагы № 5 «Турак жай куру үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 10.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын 6 -сессиясы

 

2017-жылдын 10-марты № 5

Турак жай куру үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы № 177-токтомуна ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 6 -сессиясынын

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турак жай куру үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия курамы түзүлсүн :

·         Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы толугу менен

·         Укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы

·         Жер боюнча башкы адиси

·         ВУСтун инспектору

·         Депутаттар бекитилген чек аралары боюнча

·         Айыл башчылары жеринде

·         Социалдык маселелер боюнча башкы адис

·         МЧСтин өкүлү

·         Ноокен райондук шаар курулуш жана архитектура бөлүмүнүн өкүлү

·         Ноокен райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармасынын өкүлү

·         Айыл Өкмөтүнүн салыкчылары

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасы Т Стамбаевге жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Стамбаев