ПостановлениеДействует

Коңорчок айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 22-мартындагы № 14/25 «Коңорчок айыл аймагындагы кароосуз калган турак жай,короо жай алдындагы жер салыгынан бошотуу менен жеңилдикке чыгаруу, жергиликтүү бюджетке тушѳ турган таштанды салыгынын тарифин бекитүү жана Салык кодексинин 337-беренесинин 6- бѳлүмүнѳ ылайык жер салыгынын ставкасын кѳтѳрүү жѳнүндѳ» токтому

Редакцияот 22.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2017-жылдын 22-марты № 14/25

Коңорчок айыл аймагындагы кароосуз калган турак жай,короо жай алдындагы жер салыгынан бошотуу менен жеңилдикке чыгаруу, жергиликтүү бюджетке тушѳ турган таштанды салыгынын тарифин бекитүү жана Салык кодексинин 337-беренесинин 6- бѳлүмүнѳ ылайык жер салыгынын ставкасын кѳтѳрүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 344 беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, Коӊорчок айыл аймагынын салык боюнча адиси Э.Маметтоктоевдин сунушунун негизинде Коӊорчок айыл аймагынын Айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы кароосуз калган турак жай,короо жай алдындагы жер салыгынан шартына карап бошотуу жагын талдап, жеӊилдикке чыгаруу жагы салык боюнча адис Э.Маметтоктоевге тапшырылсын.

2. 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетти толуктай турган таштанды салыгы түтүн башына 50 (элүү) сомдон 210 (эки жүз он)түтүнгѳ бекитилсин.

3. Салык кодексинин 337-беренесинин 6 бѳлүмүнѳ ылайык жер салыгынын базалык ставкасын кѳтѳрүү жагы ѳзгѳрүүсүз калтырылсын.

 

Төрага

Байыш уулу У.