ПостановлениеДействует

Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 11-майындагы № 7/1 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо участкасынын № 4147 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 11.05.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы

 

2017-жылдын 11-майы № 7/1

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы шайлоо участкасынын № 4147 участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 916-v токтомун жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдарынан, жашаган көчөлөрдөн, мекемелерден жана жарандардын чогулушунан Кум-Дөбө айыл аймагынын № 4147 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн, протокол, сунуштарын карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө карата Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагындагы айыл кыштактардан, мекемелерден, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана жарандардын чогулушунан Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы № 4147 шайлоо участкасына көрсөтүлгөн талапкерлердин резервдик курамын 5 жылга түзүү жана шайлоо участкасынын комиссиясынын курамын мыйзамда белгиленген санда бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын.

№ 4147 Кум-Дөбө шайлоо участкасы боюнча талапкерлер:

·         Макеева Гүлүмкан Сабыровна

·         Мусаева Динара Асыранкуловна

·         Көлүкбаев Каныбек Ашырбекович

·         Шаршембиева Назира Маатказиевна

·         Шамшидинова Назгүл Коёнбаевна

·         Акишова Ишебүбү Абакировна

·         Жуманалиева Бактыгүл Токоновна

·         Сейитказиева Кымбат Кадыракуновна

·         Бейшеналиева Толкун Турсуналиевна

·         Кутбидинов Жеңишбек Саамаевич

·         Мидинбек уулу Урмат

·         Нуркалиев Чыңгыз

2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы жана депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин № 4147 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын бекитүүдө көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен мурунку шайлоолордо иштеген тажрыйбасын, билимин, кадыр-баркы эске алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине тапшырылсын.

 

Төрага

А. Өмүров