ПостановлениеДействует

Терек айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 12-октябрындагы № 4/3 «Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүнүн кошумча реестрин бекитүү жѳнүндѳ» токтому

Редакцияот 12.10.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Терек айылдык Кеңешинин кезексиз 4- сессиясы

 

2016-жылдын 12-октябры № 4/3

Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүнүн кошумча реестрин бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу жѳнүндѳ” 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 токтомуна ылайык жана Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Нуракованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн тѳмѳндѳгүдѳй кошумча реестри бекитилсин.

 

№

Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүнүн аталышы

 

Муниципалдык кызматты стандартташты-

руу учүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган

Кызматтарды кѳрсѳткѳн муниципалдык мекемелер

Шарттар

1

Үй-бүлѳлүк абалы, мүлкү, малдын саны тууралуу маалымкаттарды берүү

Форма № 1

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

2

Жашаган жери, үлүш жери боюнча маалымкаттарды берүү Форма № 2

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

3

Малдарды сатуу боюнча маалымкаттарды берүү

Форма № 3

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

4

Айлык тууралуу маалымкаттарды берүү

Форма № 4

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

5

Мал ооруларын алдын алуу максатында мунуципалдык ветеринардын кызмат кѳрсѳтүүсү

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

6

Жер участокторуна, чарбакка, иштетилген жерлерге укук орнотуучу докуменменттерин жол жоболоштуруу

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

7

Кыш мезгилинде карышкыр атууну уюштуруу

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

8

Калкка маданий агартуучулук иш-чараларды уюштуруу

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

9

Кургак учук менен ооругандар үчүн дарылануу үчүн

жол акысын тѳлѳп берүү

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

10

Жардамга муктаж, ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар кандай жардамдарды берүү (даталуу күндѳрдѳ белектерди берүү)

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

11

Жалгыз бой жана жардамга муктаж үй-бүлѳлѳргѳ кыш мезгилинде кошумча кѳмүр берүү

Терек айыл ѳкмѳтү

Терек айыл ѳкмѳтү

Акысыз

 

2. Бекитилген реестрдин негизинде иш алып баруу жагы айыл ѳкмѳт кызматкерлерине тапшырылсын.

 

Тѳрага

М. Садыров