ПостановлениеДействует

Постановление Алайского районного кенеша от 05 июля 2011 года №12/4 «О письме Алайской районной государственной администрации»По обычаям, традициям и праздничным мероприятиям на территории Алайского района и от 13 апреля 2011-года №95"

Редакцияот 05.07.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алай райондук Кеңешинин II чакырылышынын XII заседаниесинин

 

2011-жылдын 5-июлу №12/4

Алай райондук мамлекеттик администрациясынын “Райондун аймагында каада-салттарды,  ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү” 13.04.2011-жылдагы № 95 каты жөнүндө

Алай райондук Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Алай районунун элинин “Райондун аймагында каада-салттарды, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү” Жобо жактырылсын. (Жобо тиркелет).

2.Райондун аймагындагы бардык айылдык округдардында жана айылдык кенештерде бул жобонун талаптарын аткаруу, анын натыйжалуулугуна жектишүү айыл округ башчыларына, анын аппарат кызматкерлерине, айылдык кенештин депутаттарына, аксакалдар, аялдар, жаштар комитеттерине жана дин кызматкерлерине милдеттендирилсин.

3.Бул токтомду аткаруу райондун бардык элинин, коомчулуктун, райондук, мамлекеттик администрациясынын, райондук Кенештин депутаттарынын, бардык мекеме жетекчилери жана кызматкерлеринин милдеттери экендиги белгиленсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу райондук Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Алай райондук

Кеңешинин төрагасы

 

Т.Н.Сарыбашов