ПостановлениеДействует

Т. Кулатов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-февралындагы № 4-6 «Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Жал» айылдык ооруканасынын имаратын жери менен айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 21.02.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Кулатов айылдык кеңешинин кезектеги 6-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

 

2017-жылдын 21-февралы № 4-6

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Жал" айылдык ооруканасынын имаратын жери менен айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын "21" май айындагы № 62 токтомуна негиз "Жал" айылдык ооруканасынын имаратын жери менен айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндөгү арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-беренесинин 1-2-пуктуна негиз Т.Кулатов айылдык кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын "21" май айындагы № 62 токтомуна негиз "Жал" айылдык ооруканасынын имаратын жери менен айыл өкмөтүнүн балансасына мөөнөтсүз пайдаланууга алынсын.

2. "Жал" айылдык ооруканасынын юридикалык документтерин даярдоо жагы "Жал" айылдык ооруканасынын бөлүм башчысына , ҮДТ № 16 бөлүмүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиянын курамы милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Топчубаев