ПостановлениеДействует

Корул айылдык кеңешинин 2017-жылдын 1-апрелиндеги № 5/5 «Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 01.04.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 5-отуруму

 

2017-жылдын 1-апрели № 5/5

Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Айыл өкмөтүндө апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп –түзөө иштерин жүргүзүү боюнча

Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Апрель айынын акыркы жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнү ар жыл сайын белгиленип, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана Атаке мүрзөсүнө сел тосмосун тосуу жана башка мүрзөлөрдүн айланасын тазалап, оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча          туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Маназаров