ПостановлениеДействует

Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-мартындагы № 6/3 «Кочкор айылынын айыл өкмөтүндө администрациялык комиссияларды түзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз III сессиясы

 

2017-жылдын 23-марты № 6/3

Кочкор айылынын айыл өкмөтүндө администрациялык комиссияларды түзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө

Кочкор айылынын айыл өкмөтүндө администрациялык комиссияларды түзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндөгү 2017-жылдын 17-мартындагы №236-катын карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айылынын айыл өкмөтүндө администрациялык комиссияларды түзүү боюнча жобосу бекитилсин.

2. Түзүлгөн администрациялык комиссиянын курамына № 4135-4136 ЖТИ, И.Арабаев шайлоо округунан депутат Бейшенбеков Болот, №4138 Тендик шайлоо округунан депутат Акимканов Урмат Баяманович жана №4139-Үкөк шайлоо округунан депутат Нурмамбетов Самед Жангабыловичтер киргизилсин.

3. Бекитилген жобонун мыйзам чегинде аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Балкыбеков