ПостановлениеДействует

Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-мартындагы № 6/10 «Кочкор айылынын Стадион участкасынан 0,08 га дан жер алган адамдардын кайрылуулары жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз III сессиясы

 

2017-жылдын 23-марты № 6/10

Кочкор айылынын Стадион участкасынан 0,08 га дан жер алган адамдардын кайрылуулары жөнүндө

Кочкор айылынын “Стадион” участкасынан 2008-2009-жылдары 0,08га жер аянттарын пайдаланууга жер алган жарандар “бул жер участкасы 1998-жылы Кочкор айылынын кенейтүүнүн планына кирсе да ошол кездеги айыл өкмөт башчысы жерди турак-жай курууга деп бербей, пайдаланууга бергендигин иликтеп, мыйзамга ылайык сотко кайрылууга макулдук берүү боюнча кайрылууларын карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Стадион” участкасы 1998-жылдагы ген.планга киргенби, эмне себептен КБФ нун жерине кирип кеткенин тактап берүү жагы Кочкор айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Балкыбеков