ПостановлениеДействует

Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-апрелиндеги № 8/9 «Жайыт комитетине техника алуу үчүн долбоорго кошумча каражат-өздүк салым үчүн каражат бөлүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.04.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 8- сессиясынын 2-отуруму

 

2017-жылдын 17-апрели № 8/9

Жайыт комитетине техника алуу үчүн долбоорго кошумча каражат-өздүк салым үчүн каражат бөлүү жөнүндө

Кочкор айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 12-апрелиндеги №8/8-токтомун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл аймагынын “Жайыт комитетине” АРИС долбоору аркылуу техника алууга кошумча каражат –өздүк салым үчүн 1200,0 (бир миллион эки жүз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын Жайыт комитетинин гранттык счетуна которуп берүү жагы кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Балкыбеков