ПостановлениеДействует

Кочкор айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 9/5 «Теңдик жана Большевик айылдарынын калкты таза суу менен тейлөөдө суу акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.04.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз 9-сессиясы

 

2017-жылдын 28-апрели № 9/5

Теңдик жана Большевик айылдарынын калкты таза суу менен тейлөөдө суу акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кочкор айыл аймагынын Тендик айылындагы ИСКАКБ « Теңдик -Мурза » жана Большевик айылындагы ИСКАКБ «Алтын Булак Касымгелди » коомдук бирикмелеринин 2017-жылга карата калктан жана айылдагы бюджеттик мекемелерден суу үчүн алынуучу акынын тарифин бекитип берүү жөнүндө кайрылууларын карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл аймагынын Тендик айылындагы ИСКАКБ « Теңдик -Мурза » жана Большевик айылындагы ИСКАКБ «Алтын Булак Касымгелди »коомдук бирикмелеринин 2017-жылга карата калктан жана айылдагы бюджеттик мекемелерден суу үчүн алынуучу акынын тарифтери бекитилсин.

 

Кардарлар

 Өлчөө бирдиги

Баасы (сом)

Бюджеттик мекемелер

Жеке ишкер

1м/куб

1м/куб

13-00

13-00

 Калк үчүн

1м/куб

10-00

Анын ичинен:

Көчөдөгү колонкадан суу алгандарга

 

Бир адамга 1 айга

Бир адамга 1 жылга

 

23-00

276-00

Короосунан суу алгандарга

Бир адамга 1 айга

Бир адамга 1 жылга

30-00

360-00

 

 

 

Мончосу бар үйлөрдөн

1 мончодон 1 айга

1 мончодон 1 жылга

240-00

2880-00

Суу туташтыруу акысы

 

1300-00

(подключение)

1 абоненттен 1 жолу

 

 

2. Ичүүчү суу менен бакчаларды, огороддорду сугарууга тыюу жана тартип бузгандарга 1м/ секунда кошуп алган трубанын тура кесилиш аянтына кеткен сууну 24 саатка көбөйтүп кубуна 10 сомдон канча күн кошулса ошол күнгө көбөйтүлүп айып салынары , суу киргизилген трубасы кесилери жашоочуларга ИСКАКБ « Теңдик -Мурза » жана ИСКАКБ « Алтын-Булак Касымгелди» бирикмелери тарабынан эскертилсин.

3. 2017-жылга карата калктан жана айылдагы бюджеттик мекемелерден суу үчүн алынуучу акыларды убагында чогултуп, мыйзамга ылайык иш жүргүзүү ИСКАКБ « Теңдик -Мурза » жана ИСКАКБ « Алтын-Булак Касымгелди» бирикмелеринин башчылары К.Жапаровго, А.Шаршенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Т. Балкыбеков