Кызыл Белес айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 5/5 «Кызыл Белес айыл аймагындагы малдарды идентификацилоо кызмат көрсөтүүчү төлөнүүчү акынын көлөмү жөнүндө» токтому
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2017-жылдын 13-марты № 5/5
Кызыл Белес айыл аймагындагы малдарды идентификацилоо кызмат көрсөтүүчү төлөнүүчү акынын көлөмү боюнча
Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап жана талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагындагы “ Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө ” кызмат көрсөтүүгө төлөнүүчү акынын көлөмү бирка-40 сом, кызмат акы-30 сом, болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылаевге милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы У.Турдубековго тапшырылсын.
Төрага | У. Турдубеков |