ПостановлениеДействует

Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 9-январындагы № 3 «Кара-Буура айылдык кеңешинин туруктуу комиссия курамдарын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 09.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы

 

2017-жылдын 9-январы № 3

Кара-Буура айылдык кеңешинин туруктуу комиссия курамдарын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 32-статьясына жана Жергиликтүү кеңештердин регламентине ылайык Кара-Буура айылдык кеңеши сессиясынын чечиминин негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айылдык кеңешинде туруктуу 5 комиссия түзүлсүн:

1)Бюджет жана инвестиция комиссиясы;

2)Социалдык жана маданий комиссиясы;

3) Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба комиссиясы;

4) Укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент, курулуштар жана ички жолдор комиссиясы:

5) Спорт жана жаштар комиссиясы.

2. Туруктуу комиссиялар курамы жана төрагалары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

Төрага

А. Осмоналиев