ПостановлениеДействует

Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 2-майындагы № 1 «Кызматтык автоунаага каралган акча каражаттарын которуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 02.05.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 5-сессиясы

 

2017-жылдын 2-майы № 1

Кызматтык автоунаага каралган акча каражаттарын которуу жөнүндө

Айыл өкмөт башчысынын ВАЗ 21-07 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасы бүгүнкү күндө көп ремонтту талап кылып, тетиктери жараксыз абалга жетип, техникалык абалы начар болуп, убактылуу айдоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн кайрылуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун 5-пунктунун негизинде айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ВАЗ 21-07 кызматтык автоунаага 2017-жылга карата тетиктери, күйүүчү майлоочу майлары үчүн бөлүнгөн акча каражаты айыл өкмөт башчысынын жеке менчик Тайота Камри үлгүсүндөгү автоунаасына пайдалануу үчүн убактылуу уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана инвестиция комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Осмоналиев