ПостановлениеДействует

Бекмолдо айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июлундагы № 216 «Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.07.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бекмолдо айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 29-июлу № 216

Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын” Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен түзүлгөн типтүү келишимди карап, талкуулап чыгып Бекмолдо айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча 1 шаттык бирдик бекитилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев