ПостановлениеДействует

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 7-августундагы № 21 «Үч-Капчал айылына бала бакча ачуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 07.08.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

 

2015-жылдын 7-августу № 21

Үч-Капчал айылына бала бакча ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктуна таянып ,аймакты социалдык жактан өнүктүрүү максатында , Үч-Капчал айылынын Сай жана Сары-Таш көчөлөрүнүн тургундарынын Үч-Капчал айылына бала бакча ачуу жөнүндө арызын карап талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Капчал айылындагы Сары-Таш көчөсүндөгү Мойдунов Абылкасымдын менчик турак үйүндө 1 тайпадан турган, 25 орундуу бала бакча ачылсын.

2. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жана КР мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы Жалпак- Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Суранов