ПостановлениеДействует

Кашка-Жол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-январындагы № 1/3 «Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 04.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VI шайланган) биринчи уюштуруу сессиясы

 

2017-жылдын 4-январы № 1/3

Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесинин жана айылдык Кеңешинин регламентинин негизинде Кашка-Жол айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнү уюштуруу үчүн эсептөө комиссиясын түзүү боюнча депутаттардан турган төмөндөгүдөй эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

1. № 1-Жийде 3 мандаттуу округунан депутат Сулайманов Абдыкалы Камилович.

2. № 2-Тоготой 6 мандаттуу округунан депутат Кулмаев Жеңишбек Тешебаевич.

3. № 4-Ак-Терек 7 мандаттуу округунан депутат Кочкорбай уулу Канатбек.

2. Түзүлгөн эсептөө комиссиясы өз курамынан комиссиянын төрагасын, катчысын, мүчөсүн шайласын жана шайлоо бюллетендерин таркатып, добуш берүү бүткөндө шайлоо бюллетендерин эсептеп, тиешелүү жыйынтыгын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин жыйынына сунуш кылсын.

 

Депутат

Т. Оморов