ПостановлениеДействует

Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 2 «Ноокат шаарынын спортчуларын жана машыктыруучуларын Бишкек шаарында өтүүчү республикалык спартакиадага барып, катышып келүүсү үчүн жол жана тамак-аш чыгымдарын каржылап берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.04.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз IV чакырылышынын 46- сессиясы

 

2017-жылдын 26-апрели № 2

Ноокат шаарынын спортчуларын жана машыктыруучуларын Бишкек шаарында өтүүчү республикалык спартакиадага барып, катышып келүүсү үчүн жол жана тамак-аш чыгымдарын каржылап берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын спортчуларын жана машыктыруучуларын Бишкек шаарында өтүүчү республикалык спартакиадага барып, катышып келүүсү үчүн жол жана тамак-аш чыгымдарын каржылап берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын спортчуларын жана машыктыруучуларын Бишкек шаарында өтүүчү республикалык спартакиадага барып, катышып келүүсүнө жол жана тамак-аш чыгымдары үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111-беренеси эсебинен ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Гафаров