ПостановлениеДействует

Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 14-февралындагы № 10 «Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия түзүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 14.02.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Теплоключенка айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 4- сессиясы

 

2017-жылдын 14-февралы № 10

Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик архивдик фондусу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин иш кагаздарынын баалуулугунун экспертизасын жүргүзүү үчүн төмөндөгү курамында эксперттик комиссия түзүлсүн:

Мусралиева Зульфия – а/к төрагасынын орун басары,

ЭК төрайымы; Джумабаева Б.Р. – жооптуу катчы,

ЭКтөрайымынын орун басары; Болотова А.К. – а/ө архивариусу, ЭК катчысы;

Алагушева В. – а/к депутаты, соц.маселелер б/ча туруктуу комиссиянын мүчөсү;

Шарипова Б.А. – башкы адис-юрист

2. ЭК өз ишинде Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик архивдик фондусу жөнүндө” Мыйзамды жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын негизинде иш алып барылсын.

3. Айылдык кеңештин ЭКнын 2017-жылга карата иш планы бекитилсин жана ЭКнын функционалдык милдеттери бөлүштүрүлсүн.

 

Төрага

Э.А.Темиров