ПостановлениеДействует

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 3 «Жаңы-Ачы айылындагы суу жеп кеткен үлүш жерлер жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.11.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги 27- сессиясы

 

2016-жылдын 23-ноябры № 3

Жаңы-Ачы айылындагы суу жеп кеткен үлүш жерлер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун жана айыл өкмөттүн катын негиздеп, 36 үй-бүлөнүн 11 га сугат үлүш жерин данба жоктугуна байланыштуу Көк-Арт дарыясынын суусу жеп кеткен11 га сугат үлүш жерин жер салыгынан социалдык төлөмдөн бошотуп берүү жөнүндөгү элдин кайрылуусун баядаган Жаңы-Ачы айылынын айыл башчысы К.Раимкуловдун маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылына караштуу Жаңы-Ачы айылынын тургундарынын 11 га сугат жер үлүшүн суу жеп кеткендигине байланыштуу жер салыгынан, социалдык төлөмдү төлөөдөн бошотууга макулдук берилсин.

2. Токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик адмиңистрациясынан , Сузак райондук салык башкармалыгынан жана Сузак райондук социалдык фонд башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомду мыйзам чегинде тиешелүү органдарга кайрылып аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл аймагынын салык бөлүмүнүн башчысы Н.Ашимовго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мусановго тапшырылсын.

 

Төрайым

Т. Наримбетова