ЗаконУтратил силу

Закон КР от 22 сентября 1999 года № 101 «О базовых ставках акцизного налога на подакцизные товары, ввозимые и производимые юридическими и физическими лицами в Кыргызской Республике,на 2000 год»

Редакцияот 22.09.1999
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1999-жылдын 22-сентябры № 101

2000-жылга Кыргыз Республикасындагы юридикалык жана жеке жактар тарабынан ташып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын негизги өлчөмдөрү жөнүндө

1-статья.

2000-жылга Кыргыз Республикасындагы юридикалык жана жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү жана өндүрүлүүчү акциздик товарларга акциз салыгынын негизги өлчөмдөрү бекитилсин:

Акциздик товарлар

Акциздик салыктын өлчөмдөрү көлөмгө карата сом (кг,л,даана,т) жана дүң баага, бажы наркына карата

Тамак-аш чийки заттарынан өндүрүлгөн ичүүчү этил спирти жана тазаланган этил спирти (өздөрүндө өндүрүүгө лицензия болгондо товар өндүрүүчү тарабынан аракты, ликер-арак ичимдиктерин, спирт кошулган суусундуктарды, спирт кошулган ширелерди, бальзамды, шараптарды иштеп чыгуу үчүн жана ченемдердин чегинде атайын керектөөчүлөргө берилүүчүдөн башка)

1 литри/70 сом

Арак

1 литри/40 сом

Ликер-арак ичимдиктери *

1 литри/40 сом

Спирт кошулган суусундуктар, спирт кошулган ширелер жана  бальзамдар *

1 литри/40 сом

Шараптар **

1 литри/10 сом

Коньяктар

1 литри/25 сом

Шампан шараптары

1 литри/20 сом

Идишке куюлган пиво

1 литри/ 3 сом

Идишке куюлбаган пиво

1 литри/ 2 сом

Шарап материалдары

1 литри/ 2 сом

Тамекилер: - чыпкалуу сигареттер     - чыпкасыз сигареттер

100 даанасы/70 сом 100 даанасы/15 сом

Тамекини, анын ичинде ферменттелген  тамекини камтыган башка нерселер

1 кг/4 сом

Алтындан, платинадан же күмүштөн   жасалган зер буюмдары

15%

Иштетилген жана иштетилбеген   жүндүү терилер (крот, коен, элик, ит, кой жана уй терисинен башка)

5%

Пальтолорду, чолок пальтолорду, жакеттерди, накидкаларды, палан- тиндерди, боаларды, моюн орогуч- тарды, баш кийимдерди жана жака- ларды, тондорду, пластиналарды кошо алганда накта жүндүү тери- ден тигилген кийимдер (крот, коен, элик, ит, кой жана уй терисинен башка)

5%

Жүндүү терилер (крот, коен, элик, ит, кой жана уй терисинен башка) менен жасалгаланып тигилген паль- толор, чолок пальтолор, жакеттер, накидкалар

5%

Накта булгаарыдан тигилген кийимдер

5%

Хрусталдан жасалган буюмдар, хрусталдан жасалган жарык берүү приборлору

20%

Атылчу жана газ куралдары (мамлекеттик бийлик органдарынын муктаждыгы үчүн сатып алынгандардан башка)

20%

Мунайзаттары : - бензин, жеңил жана орто дистилляттар жана башка бензиндер

1 т/3000 сом

- реактив майы

1 т/ 0 сом

- дизель майы

1 т/ 800 сом

- мазут

1 т/ 600 сом

- майлар жана газ конденсаты

1 т/1400 сом

- чийки мунай жана битум материалдарынан алынган чийки мунай заттары

1 т/ 600 сом

Килемдер жана килем буюмдары (ковролинден башка)

10%

Кофе жана какао

10%

Эскертүү:

* - Акциз салыгынын ставкаларын кайра эсептөө этил спиртинин камтылышын эске алуу менен жүргүзүлөт. Негизги өлчөм - спирттин 40 көлөмдүк пайызы кошулган ичимдик.

** - Шараптарга акциз салыгынын өлчөмдөрүн кайра эсептөө алардын түрлөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.

2-статья.

Акциз салыгын төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3-статья.

Акциз салыгынын өлчөмдөрүн кайра эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте инфляциянын расмий жарыяланган деңгээлин эске алуу менен квартал сайын жүргүзүлөт.

4-статья.

Ушул Мыйзам 2000-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

1999-жылдын 30-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык кабыл алынган