ПостановлениеДействует

Постановление Отуз-Адырского айылного кенеша от 30 апреля 2011 года № 1 (О результате выборов депутатов в Совет Отуз-Адырского аильного округа от 17 апреля 2011 года)

Редакцияот 30.04.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык округунун кенешинин (4-чакырылыштагы) 1-сессиясы

2011-жылдын 30-апрели №1

2011-жылдын 17-апрелинде өткөрүлгөн Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

I. 1. 2011-жылдын 17-апрелинде өткорүлгөн Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары көңүлгө алынсын.

2. Отуз-Адыр айылдык округдук кенешинин №1-жети мандатуу Отуз-Адыр шайлоо округу боюнча Айдаров Омар, Атамбиев Сыдыкбек, Джумабаев Курстамбек, Базарбаев Сагынбек, Зикиров Абдибает, Жээнбекова Базар, Ташматов Эмилбектер Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешине депутат болуп шайланышты деп эсептелип, аларга депутаттык мандаттар тапшырылсын.

3. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин №2-уч мандаттуу Кара-Дөбө шайлоо округу боюнча Бакиров Сайдали, Бердиев Сансарбек, Эрмеков Эркинбайлар Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешине депутат болуп шайланышты деп эсептелип, аларга депутаттык мандаттар тапшырылсын.

4. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин №3-беш мандаттуу Кыш-Абад шайлоо округу боюнча Бектемиров Максутали, Кудайбердиева Замира, Сайдуллаев Айтали, Ташиев Мамасали, Муратов Мамазакирлер Отуз-Адыр айылдык окуругдук кеңешине депутат болуп шайланышты деп эсептелип, аларга депутаттык мандаттар тапшырылсын.

II. 1 .Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жөнүндө мыйзамына ылайык эсептөө комиссиясынын курамына шайланды деп эсептелсин:

1. Жээнбекова Базар

2. Бердиев Сансарбек

3. Бектемиров Максутали.

III. Эсептөө комиссиясынын № 2 протоколунун негизинде жашыруун добушка коюлган Айдаров Омар Жакыпович Отуз-Адыр айылдык округунун Кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.

IV. № 1 Отуз-Адыр шайлоо округунун депутаты Жээнбекова Базар, Отуз-Адыр айылдык округунун Кенешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.

V. Отуз-Адыр айылдык округунун кеңешинин 2011-жылга иш-аракет планы бекитилсин.

VI. 1. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депуттаттан түзүлсүн.

2. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын курамына депуттаттар: Ташматов Эмил - төрага, Бердиев Сансарбек - мүчө, Бектемиров Максутали - мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.

3. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына 3 депутаттан түзүлсүн.

4. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар: Атамбиев Сыдыкбек - төрага, Эрмеков Эркинбай - мүчө, Сайдулллаев Айтали – мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.

5. Отуз-Адыр айылдык округдук кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депуттаттан түзүлсүн.

6. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар: Джумабаев Курстамбек - төрага, Бакиров Сайдали - мүчө, Ташматов Мамасали - мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.

7. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депуттаттан түзүлсүн.

8. Отуз-Адыр айылдык округдук кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар: Зикиров Абдибает - төрага, Муратов Мамазакир мүчө, Базарбаев Сагынбек - мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.

VIII. АРИС программасынын негизинде Кызыл-Абад айылында оңдолуп жаткан ФАПка элдин салымы жетишпегендигине бадланыштуу ФАПтын чатырынан чыккан курулуш материалдары айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылып, айыл өкмөтүнөн жардам катары берилсин.

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин төрагасы

 

О. Айдаров.