ПостановлениеДействует

Кара-Кулжа айылдык кенешинин 2012-жылдын 17-мартындагы № 27/13 «1-Май айылындагы «Токтогул» атындагы орто мектебинин алдында уюштурулуп жаткан бала бакчаны ачууга уруксат берүү жөнүндө»

Редакцияот 17.03.2012
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КАРА КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 17 -марты №27/13

 

1-Май айылындагы «Токтогул» атындагы орто мектебинин алдында уюштурулуп жаткан бала бакчаны ачууга уруксат берүү жөнүндө

1-Май айылындагы «Токтогул» атындагы орто мектебинин алдында уюштурулуп жаткан бала бакчаны ачууга уруксат берү боюнча маселени талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. 1-Май айылындагы «Токтогул» атындагы орто мектебинин алдында уюштурулуп жаткан бала бакчаны ачууга уруксат берилсин.

2. Мектеп алдында уюштурулуп жаткан бала бакчага балдарды жол-жобосу менен кабыл алууну уюштуруу жагы бала бакчанын башчысына милдеттендирилсин.

3. Мектеп алдында уюштурулуп жаткан бала бакчасына штаттык бирдиктерди киргизүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык болүмдүн башчысы Б.Султановадан жана райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Токтомушовго тапшырылсын.

  

Кара-Кулжа айылдык

кеңешинин төрагасы

 

И. Абжапаров