ПостановлениеДействует

Постановление Кара-Суйского районного кенеша от 23 ноября 2011 года № 17/86 «Об информации Кара-Суйской районной государственной админстрацией по выполнению мероприятий по осеннему посевову и обеспечению крестян семенами»

Редакцияот 23.11.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезектеги XVII сессиясы

 

2011 –жылдын 23-ноябры №17/86

Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын билдирүүсү жөнүндө

2011-жылда Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары С.Жолдошевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу райондук кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу районунун аймагында күздүк айдоо-себүү жана дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык эмес деп белгиленсин.

2. Күздүк айдоо-себүү иштерин 2011-жылдын аягына чейин планга ылайык толук аткарылышын камсыз кылуу райондук мамлекеттик администрациясына (Б.Юсуповго) жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармасына (К.Мамедов) милдеттендирилсин.

3. Райондо тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чара көрүлбөсө, күздүк айдоо-себүү иштери толук аткарылбай калса райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Юсуповдун жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын директору К. Мамедовдун жоопкерчиликтери кийинки сессиянын кароосуна коюлсун.

4. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына:

-2012-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди эгүү үзгүлтүккө учураганын эске алып дыйкандар, фермерлер, үрөн чарбаларга кредитке үрөн алып берүүнү тездетүү жана күздүк эгүүнү тез арада жандандырып кечиктирилгис чараларды көрүү;

-үрөнчүлүк чарбалардын максаттуу толук камдуу иштөөсүн;

-дан эгиндерин минералдык жер семирткичтери менен биринчи кошумча азыктандыруу боюнча айыл өкмөттөргө багыт берүү менен аларды ар тараптан колдоого алуу;

-айыл-чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү фонддордун жерлерин эффективдүү пайдаланылышын көзөмөлдөө милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеңештин экономикалык өнүгүү маселелери, айыл чарбасы, агроөнөр жайы, жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Ташиевге/ тапшырылсын.

 

Кара-Суу райондук

кеңешинин төрагасы

 

 

Б.С.Каратаев