ПостановлениеДействует

Постановление Шарского айылного кенеша от 30 января 2012 года №3 «О переводе земельных площадей с одной категории на другой на территории Шаркского айылного округа»

Редакцияот 345220
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шарк айылдык кеңешинин №ХХХII кезексиз сессиясынын (IV шайланган)

 

2012–жылдын 30–январы №3

Шарк айылдык округунун аймагындагы жер аянттарын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Шарк айылдык округунун аймагында курулуш материалдарынын өнөр жайлык өндүрүшүнүн өнүктүрүү максатында КР Жер кодексинин 7,11,13,15 беренелеринин КР 08.12.2010–жылкы жерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформация) жөнүндөгү 22.01.2008–жыл №19–токтомунун“ Кыргыз мамжердолбоор) Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 01.07.2011–жыл №233–корутундусунун жетекчиликке алып Шарк айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шарк айылдык округунун аймагындагы курулуш материалдарынын өнөр жайлык өндүрүшүнүн өнүктүрүү максатында Беш Бадам участкасына“ Даннур–Юг“ ЖЧК сына шагыл майдалооочу завод куруу үчүн берилген жер участкасын “айыл чарба” жер категориясынан,“ өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка пайдалануу түрлорү“ категориясына которуу жагы Шарк айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара–Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.

3. Тийиштүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүү Кара–Суу райондук мамкаттоо бөлүмүнөн суралсын.

 

Шарк айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

А.Маруфий