ПостановлениеДействует

Покровка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-октябры № 35 «2016-жылында берилүүчү түрткү берүүчү гранттар жөнүндө» токтому

Редакцияот 22.10.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы

 

2015-жылдын 22-октябры № 35

2016-жылында берилүүчү түрткү берүүчү гранттар жөнүндө

2016-жылында Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилүүчү түрткү берүүчү гранттарды максаттуу пайлануу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылында Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү грантынын эсебинен берилүүчү акча каражатынын 3 625 200 (үч миллион алты жүз жыйырма беш миң эки жүз) сому Покровка айылдык аймагына караштуу айылдардагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу багытына жумшалсын:

2. Тиешелүү документтерин бүткөрүп, керектелүүчү каражаттын сметасын түзүп, бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануусу айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Г.А. Садырова