ПостановлениеДействует

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-февралындагы № 01 «Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2015-жылдагы аткарган иштери жана айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016- жыл үчүн милдеттери жана иш чаралары жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.02.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезектеги 15-сессиясы

 

2016-жылдын 26-февралы № 01

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2015-жылдагы аткарган иштери жана айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016- жыл үчүн милдеттери жана иш чаралары жөнүндө

Кыргыз Республикасыныны “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-47-50-беренелерине таянып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С. Паизовдун 2015-жылдагы аткарылган иштер жөнүндөгү отчетун, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жыл үчүн  милдеттерин жана иш чараларын угуп талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак- Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылы алып барган жана аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

3. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жыл үчүн  иш чараларын алымча кошумчалары менен №__1____ тиркемеге ылайык бекитилсин

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, экономика, бюжет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция масалелери боюнча туруктуу комиссия милдеттендирилсин

 

Төрага

М. Суранов

 

Тиркеме №1

Жалпак-Таш  айылдык кеңешинин 2016-жылдын “26”февралындагы  № 01 токтому менен бекитилген 

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдардагы социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнүн  2016-жылдагы аткарылуучу иш чаралары

№

Иш-чаранын аталышы

Аткарууга жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

1

2015-жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана 2016-жылга милдеттерди тактоо

А/өкмөт башчысы, айылдык кеңештин депутатары, жооптуу адистер

1-квартал

2

Ооган согушунун ардагерлеринин 27 жылдык юбилейин салтанатуу белгилөө

Айыл өкмөтү ,ВУС кызматкерлери

1 квартал

3

Айылдык кеңештин  депутатары менен  райондун акимдин катышуусунда 2016-жылдагы аткарылуучу иштерди талкуулоо.

Айыл өкмөтү,айылдык кеңештин депутатары

1-квартал

4

Тарых жана маданият жылына карата Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн киреберишине арка жасоо

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

1-2-квартал

5

Курбу-Таш таза суу пайдалануучулар бирикмесин түзүү  менен таза суу системасын максаттуу пайдаланууга  жетишүү

Айыл өкмөтү, жамаат

Жыл ичинде

6

Курбу-Таш айылына ген. план боюнча мончо куруу

Айыл өкмөтү, жамаат,демөөрчү

1-4 квартал

7

Курбу-Таш айылынын ички жолдоруна жана азыркы бала бакчага баруучу жолго шагыл төшөө

Айыл өкмөтү

3-квартал

8

Курбу-Таш айылына ген.планга ылайык типтүү бала бакча куруу

Айыл өкмөтү, жамаат, инвестор

1-4-квартал

9

Курбу Таш айылынын жогорку бөлүгүнө сугат суу түтүгүн тартуу

Айыл өкмөтү, жамаат

2-квартал

10

Курбу Таш айылынан жайытка чыгуучу чарбалык жолдоруна көпүрө салуу

Айыл өкмөтү, жамаат, жайыт комитети

3-4 квартал

11

Курбу-Таш айылыны Боз-Ала көчөсүндөгү жогорку чыңалуудагы  электр мамычаларын коркунучсуз абалга келтирүү.

Айыл өкмөтү,  жамаат, РЭТ ишканасы

3-квартал

12

Ийри мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу пунктун ачуу

Айыл өкмөтү, вет. сервис

1-4 квартал

13

Ак-Терек-Түз-Бел авто жолунун абалын жакшыртып ,шагыл төшөө

Айыл өкмөтү,  жамаат, демөөрчү

2-3-квартал

14

Ак-Терек таза суу пайдалануучулар бирикмесин түзүү . Ремонттоо жана корукка алуу маселесин чечүү.

Айыл өкмөтү, жамаат, таза суу пайдаланучулар  бирикмеси

Жыл ичинде

15

Ак-Терек айылына баруучу жогорку чыңалуудагы электр мамычаларын жана зым чубалгыларын алмаштыруу .

Айыл өкмөтү, жамаат,РЭТ ишканасы

Жыл ичинде

16

Ак-Терек айылына бала бакча ачуу жана заманбап мончо куруу

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-3-квартал

17

П.Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратын жаныдан куруу.

Айыл өкмөтү, жамаат, КР Өкмөтү Ош ККБ

1-3-квартал долбоор боюнча

18

Айыл аймагына санарипттик теле берүүлөрдү чагылтуучу уюлчасын куруу.

Айыл өкмөтү,  Ош РПО

2-3-квартал

19

Жайыт комитетинин ишин жакшыртуу жана Жан-Чукур жайлоосун корукка алуу менен маселесин чечүү.

Жайыт комитети, жамаат, демөөрчү

Жыл ичинде

20

Кара-Тарык айылын камсыздаган таза суу түтүгүнүн  каптажын куруу жана  айылдын Куңгөй ,Арзи-Коргон учаскалырына таза суу түтүгүн тартуу.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-3 квартал

21

Кара-Тарык айылындагы ФАПтын материалдык- техникалык базасын чыңдоо жана айланасын тосуп, көрктөндүрүү.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү ФАП жааматы

Жыл ичинде

22

Кара-Тарык айылыны Бай-Маала көчөсүнө электр чубалгысын тартуу .

Айыл өкмөтү, жамаат,РЭТ ишканасы

2-3-квартал

23

Кара-Тарык айылынын Жаңы –Чек көчөсүндөгү жогорку чыңлуудагы электр чубагысын мал жандык урунуп чыгаша болуп жаткан кесепетин жоюу.

Айыл өкмөтү, жамаат,РЭТ ишканасы

Жыл ичинде

24

Карылар жана майыптар күнүн жалпы айыл аймагындагы айылдардар боюнча уюштуруу

Айыл өкмөтү, жамаат, соц адис

4 квартал

25

Т.Ташмаматов башталгыч мектебинин жаңы курулушун долбоордун негизинде куруу.

Айыл өкмөтү, мектеп жетекчиси

Жыл ичинде

26

Кысык-Алма айылыны жашоочуларын 3км20метр аралыктан суу түтүгүн тартып таза суу менен камсыздоо.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

1-2 квартал

27

Куршаб -Жалпак-Таш авто жолунун Кысык-Алма айылын аралап өткөн бөлугүнө асфальт жаткыруу же шагыл төшөө.

Айыл өкмөтү, ДЭП 956 ишканасы, жамаат, демөөрчү

1-4-квартал

28

Кысык-Алма айылына Шор- Суу суусунан сугат суу чыгаруу

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

3-квартал

29

Кысык-Алма айылындагы асма көпүрөнү коркунучтуу  абалдан чыгаруу

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-3-квартал

30

Киров айылындагы ФАПтын айланасын көрктөндүрүү жана тосуу

ФАП кызматкери,айыл өкмөтү,  демоорчу

2-3-квартал

31

Кысык Алма айылынан  Киров айылына өтүүчү “Эрмекбай Ата” көпүрсүн коопсуз абалга келтирип, кошумча жумуштарын аткаруу.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

3-квартал

32

Кысык-Алма орто мектебине  келүүчү 1 чакырым жолго шагыл төшөө

Айыл өкмөтү, жамаат.

3-квартал

33

Киров айылындагы таза суу түтүгүнүн каптажын куруу жана айыл жашоочуларын таза суу менен камсыздоо .

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-3-квартал

34

Киров айылынын жаш үй-бүлөөлөрүн турак жай үчүн жер тилкесин болгон муктаждыгы маселесин чечүү менен жаштардын көйгөйүн женилдетүү

Айыл өкмөтү

Жыл ичинде

35

Киров айылына курулуучу бала бакча жана мончонун долбоорун бүткөрүп  курулушун баштоо.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

Жыл ичинде

36

Кысык-Алма орто мектебинин окуу имараты менен спорттук залынын курулушун кошо бүткөрүү.

Айыл өкмөтү, КР Өкмөтү,Мектеп жетекчилиги

Жыл ичинден

37

Туз-Бел айылындагы Кара-Булак көчөсүндөгү авариялык абалдагы электр мамычаларын жаңылап ,зым чубалгыларын тартуу

Айыл өкмөтү, жамаат, РЭТ ишканасы

2-4-квартал

38

Туз-Бел айлынын көчөлөрүнө түнкү жарык  чырактары менен камсыздоо.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

4-квартал

39

Кароол –Дөбөгү уюлдук байланыш станциясына күчөтүлгөн интернет маалымат желесин орнотуу.

Айыл өкмөтү.

Жыл ичинде

40

Султан-Супа таза суу пайдалануучулар бирикмесин чарбалык ж.б муктаждыктарына  бюджеттик каржылоого алуу .

Айыл өкмөтү.

1-4-квартал

41

Т.Турдубаева орто мектебининин жылытуу системасын катуу көмүр отуну менен жылытууга өткөрүү.

Айыл өкмөтү. Мектеп жетекчилиги , Долбоор боюнча

1-4-квартал

42

Т.Турдубаева орто мектебинин айланасын жаңылап тосуу

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-квартал

43

Т.Турдубаева орто мектебинин 6 классынын полун алмаштыруу

Айыл өкмөтү, рай БББ

3-квартал

44

Тарых жана маданият жылына карата Түз-Бел маданият үйүн К.Кадыровдун ысымын ыйгарып капиталдык ремонттон өткөрүү . Материалдык техникалык базасын чыңдоо

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-3-квартал

45

Туз-Бел айылынан Кең-Суу көчөсүнө чейин жолго шагыл төшөө

Айыл өкмөтү, жамаат.

2-3-квартал

46

Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин керибериш дарбазасына арка жасоо

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-кваартал

47

Туз-Бел айылындагы бала бакчага баруучу жолду ачуу жана көмүр кана, кароолкана ,жайкы ашкана куруу.

Айыл өкмөтү, жамаат,Билим берүү бөлүмү

2-3-квартал

48

Туз-Бел айылынын Катыраңкы учаскасына Ак-Терек айлынан таза суу түтүгүн тартуу.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-3 квартал

49

Курбу-Таш айылынын Боз-Ала көчөсүнүн ички жолуна көпүрө куруу жана айлантып шагыл төшөө .

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-3-квартал

50

Курбу-Таш айылынын Сасык–Булак көчөсүнө баруучу  авто жолдогу өр тарткан ашуусун сүрдүрүп ыңгайлаштыруу .

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-3-квартал

51

К. Маркс айылынын ички жолдоруна шагыл төшөө.(Кызыл-Күңгөй көчөсун кошо)

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

3-квартал

52

Карл Маркс айылына ФАП куруу

Долбоор боюнча

Жыл ичинде

53

К.Маркс айылынын АДКсын бөлмө менен камсыздоо

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

1-2-квартал

54

Тарых жана маданият жылына карата Курбу-Таш айылдык маданият үйүнүн оңдоо ,полдоо иштерин жүргүзүү,материалдыек техникалык базасын чындоо.

Айыл өкмөтү, Маданият бөлүмү ,Маданият үйүнүн экгек жамааты

2-квартал

55

П.Жакыпов атындагы орто мектебинин ашканасынын жылытуу системасын куруу.

Айыл өкмөтү

3-квартал

56

Курбу-Таш бала бакчасынын материалдыку техникалык базасын чындоо.

Айыл өкмөтү

2-3-квартал

57

Уч-Капчал айылына ФАП куруу.

Айыл өкмөтү

1-3-квартал

58

Уч-Капчал айылына мончо куруу.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

1-3 квартал

59

Уч-Капчал айылына бала бакча куруу.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

3-квартал

60

Уч-Капчал айылынын  ички чарбалык жолдоруна шагыл төшөө ишерин андан ары улантуу,кечмеликтерге көпүрө куруу.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-4-квартал

61

Уч-Капчал айылындагы таза суу түтүгү жетпеген көчөлөрүнө таза суу түтүгүн тарт уу.

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчү

2-квартал

62

Т.Оморкулов орто мектебинин жаны имаратын курулушун куруу.

Айыл өкмөтү, КР Өкмөтү

1-4-квартал

63

Уч-Капчал айылынын Жаны Чек учаскасына трансформатор койдуруу жана электр  мамычаларын алмаштыруу ,чубалгыларын тартуу .

Айыл өкмөтү,  жамаат, РЭТ ишканасы

2-3-квартал

64

Уч-Капчал айылындагы авто бекетти оңдоо жана чатырын алмаштыруу.

Айыл өкмөтү,  жамаат, демөөрчү

Жыл ичинде

65

Т.Жоробеков орто мектебинин окуу имаратын жаныдан куруу иштерин колго алуу.

Айыл өкмөтү. КР  Өкмөтү

Жыл ичинде

66

К.Калмурзаев орто мектебинин мектеп аянтчасын бетондоо жана тарых жана маданият жылына карата эстелик тургузуу.

Айыл өкмөтү. жамаат, демөөрчү

2-3-квартал

67

Айыл аймагындагы сибир жарасынын 6 чордонун залалсыздандыруу  иш чарасын колго алуу жана ветеринардык кызматкерлерди кийим кече менен камсыздоо.Ветернардык аптека ачуу.

Айыл өкмөтү

Жыл ичинде

68

Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин иш кагаздарын сактоо максатында архив уюштуруу

Айыл өкмөтү

2-3-квартал

69

Айл өкмөтүнүн кеңсесинин материалдвк техникалык базасын чындоо

Айыл өкмөтү

2-квартал

70

Айыл аймагындагы  мектептерди  электрондук доска менен камсыздоо

Айыл өкмөтү

Жыл ичинде

71

Айыл өкмөтүнүн карамагындагы орто мектептердин метериалдык-техникалык базасын чындоо жана чарбалык керектөөлөрун камсыздоо

Айыл өкмөтү

Жыл ичинде

72

Айыл өкмөтүнүн  социалдык маанидеги маселелерге (8-март,21-март,1-5-май,25-май,1-июнь,31-авгсуст,1-октябрь жана декабрь)

Айыл өкмөтү

Жыл ичинде

73

Айыл өкмөтүнүн жана башкы,жетектөөчү адистердин сапар чыгымын толоп беруу

Айыл өкмөтү

Жыл ичинде

74

Айыл өкмөтүнүн транспорттук чыгымына

Айыл өкмөтү

Жыл ичинде

75

Айыл өкмөтүнүн маалыматтык байланышын камсыздоо

Айыл өкмөтү

1-4-квартал

76

Жугуштуу кутурма жана башка оорулардын алдын алуу (жобул ит,мышыктарды атып жок кылуу)

Айыл өкмөтү

1-квартал

78

Т.Жоробеков атындагы орто мектебине ашкана жана китепкана куруу

Айыл өкмөтү  КР.Өкмөтү  жамаат

2-3-квартал

79

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаштардын спорттук мелдештерге баруудагы сапар чыгымын камсыздоо

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

1-4-квартал

80

Айыл өкмөтүнүн  аймагына кызмат көрсотүү ишканаларды куруу

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчүлор

Жыл ичинде

81

Т.Жоробеков атындагы орто мектебине китеп сактоочу буюм жана эмерек менен касыздоо

Айыл  өкмөтү, жамаат, демөөрчүлөр

2-3-квартал

82

К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин ашканасын жана китепканасын эмерек менен кмсыздоо

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

2-3-квартал

83

Айыл өкмөтүнүн кеңсесине тамактануучу жай уюштурууу

Айыл өкмөтү

1-2-квартал

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы

С. Паизов