ПостановлениеДействует

Ак-Суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 15/24 «Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун кароо жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.02.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы

 

2015-жылдын 26-февралы № 15/24

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун кароо жөнүндө

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018- жылдарга Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоору боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Х. Кушбаковдун, айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2017-2018-жылдарга Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоору "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-экономикалык негиздери жөнүндөгү" мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилеп, жогорудагылардын негизинде Ак-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга Жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше жана чыгашаларынын негизги корсоткучтору 8986.0 миң сом. 2017-жылга 9277,9 миң сом, 2018-жылга 9402,9 миң сом өлчөмүндө № 1-2-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Бул чечимдин аткарылышын кезвмелго алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С. Асланкулов