ПостановлениеДействует

Кыргызстан айылдык кеңешинин 2015-жылдын 11-февралындагы № 4 «Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө» токтому

Редакцияот 11.02.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргызстан айылдык кеңешинин I сессиясы

 

2015-жылдын 11-февралы № 4

Талас айылынын борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын абалын жаңыртып жана өстүрүлүшү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгы жиберген 31.12.2014-жылдын чыгыш № Т-0376 сандуу катын карап чыгып Кыргызстан айылдык аймактык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын токой Кодексинин 81-беренесине ылайык токойлордун абалына жана жаңыртылып өстүрүлүшүнө иш аракеттери жүргүзүлсүн.

2. Кыргызстан айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамы айыл өкмөтүнүн аймагындагы борбордук көчөсүндөгү бойлото тигилген бак дарактардын эскилиги жеткендиктен өзөгүнөн 3-4-метр калтырып бутактарын кесүүгө уруксаат берилсин.

3. Кесилген бутактар Кыргызстан айыл аймагынын жакыр үй-бүлөлөрүнө (отун) жардам катары берилсин, көзөмөлдөө жагы соц адис Т.Джунусовага милдеттендирилсин.

4. «Наристе» бала бакчасынын бак дарактардын эскилиги жеткендиктен өзөгүнөн 3-4-метр калтырып бутактарын кесүүгө уруксаат берилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айылдык аймактык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча комиссиянын мүчөсү С. Кушиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Оморов