ПостановлениеДействует

Салам-Алик айыл кеңешинин 2016-жылдын 8-январындагы № 206 «Пайдаланылбай калган жайыт аянтын жер салыгынан бошотуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 08.01.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 27-сессиясы

 

2016-жылдын 8-январы № 206

Пайдаланылбай калган жайыт аянтын жер салыгынан бошотуу жөнүндө

Салам-Алик Жайыт комитетинин төрагасы Чыбышев Токтогулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 27-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2015-жылы Салам-Алик жайыт комитетинин 525 га жайыт аянты пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу 7560-00 (жети миң беш жүз алтымыш) сом суммасындагы жер салыгы салык төлөмүнөн бошотулсун.

2. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик салык кызматынан жогорудагы 7560-00 сом суммасындагы жайыттын жер салыгы 2015-жылдагы жер салык төлөмүнөн бошотуу жагы.

3. Токтомду тийиштүү органдарга жеткирүү жагы Салам-Алик жайыт комитетине милдеттендирилсин.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Таштемиров