ПостановлениеДействует

Покровка айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-мартындагы № 13 «Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 18.03.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы

 

2016-жылдын 18-марты № 13

Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө

Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарын ташуучу жүк ташуучу автоунааларынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарын ташуучу жүк ташуучу автоунааларынын калкка кызмат көрсөтүү тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:

А) 7 тоннага чейинки жүк ташуучу автоунаалар үчүн:

- эленген кум- 1800 сом;

- кум -1500 сом;

- шагыл - 1500 сом;

- топурак -1200 сом.

Б) 7 тоннадан өйдө жүк ташуучу автоунаалар үчүн:

- эленген кум- 2000 сом;

- кум -1800 сом;

- шагыл - 1800 сом;

- топурак -1500 сом.

2. Муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарын ташуучу автоунааларынын (жүк көтөрүмдүүлүгүнө карабай) ар бир каттамынан 250 сом “ТАЗААЙМАК” МИсына төлөнсүн;

3. Муниципалдык менчикке тиешелүү кум, кум-шагыл жана топурак карьерлеринен алынып жаткан куруш материалдарын ташуучу жүк ташуучу автонууларынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча бекитилген тарифте иш жүргүзүүсүнө көзөмөл кылуу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айылдык кеңешинин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайымдын орун басары

А. Кермалиев