ПостановлениеДействует

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 126 «Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.04.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын XХI сессиясы

 

2016-жылдын 5-апрели№ 126

Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Жаңы-Жер айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26- беренесинин 1-1 пунктуна ылайык Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Лейлек райондук Ата-Журт коомдук саясий гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С. Эгембердиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Джаликов