ПостановлениеДействует

Көк-Жар айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-февралындагы № 32-6 «Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 22.02.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын отуз экинчи сессиясы

 

2016-жылдын 22-февралы № 32-6

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитүү жөнүндө

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү өткөрүлгөн коомдук угууларда айтылган ой-пикир сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл аймагында өткөрүлгөн 2016-жылдын 20-февралындагы коомдук угуунун № 1-протоколу колдоого алынып, жактырылсын

2. Көк-Жар апйыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдын жылдарга карата стратегиялык планы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кошо бекитилсин.

3.   Ушул кабыл алынган пландарга ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Туманов