ПостановлениеДействует

Талдуу-Булак айылдык кеңешинин 2016-жылдын 23-июлундагы № 1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014ж № 715-токтомун жетекчиликке алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.07.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2016-жылдын 23-июлу №1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014ж № 715-токтомун жетекчиликке алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж № 715 токтомуна ылайык.Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнку мамлекеттик ыйгарым укуктарды кабыл алуу менен Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комисиясынын корутунду билдирүүсүнө негиз Талдуу-Булак айыл өкмүтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү ыйгарым укуктарды алуу менен, КР өкмөтүнүн 19.12.2014ж.№ 715-токтомуна ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүүнүн финансылык каражаттарды КР финансы министирлигинин Республикалык бюджетинен борборлоштурулуп бөлүнүшүнө макулдук берилсин.

2. КРнын Өкмөтүнүн 19.12.2014ж № 715-токтомун турмушка ашыруу жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловго жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Таджибаевке тапшырылсын.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. Матишев