ПостановлениеДействует

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги 25-сессиясы 2016-жылдын 29-мартындагы № 9 «Элдин арызын кароо жөнүндө» токтому

Редакцияот 29.03.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги 25-сессиясы

 

2016-жылдын 29-марты № 9

Элдин арызын кароо жөнүндө

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги 25- сессиясынын күн тартибиндеги Ген план боюнча элдердин арыздарын карап, угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31- беренесинин 5-пункутуна ылайык Жийде айылындагы Мамыров Мамат, Дангылов Чолпонбай, Дыйканов Туташ, Байчороев Абдылла, Калмурза уулу Мурзаким, Исаков /сөн көчөлөрү, Кыргызстан айылынын Айтиев Арстан, Шадыканов Муратали,  Дыйканказы көчөлөрү жана Сопу маала айылдарындагы жашап жаткан жарандардын Өзгөн райондук гос регистр тарабынан 2003-жылкы бирдиктүү каттоодон өткөн калктуу конуштардагы жеке менчик турак жайларын Ген планга киргизүү жагы каралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер комиссиясынын төрагасы  А. Жолдошовго милдеттендирилсин .

 

Төрагасы

С. Курманбеков