ПостановлениеДействует

Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-апрелиндеги № 180 «Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2015-жылдын май 2016-жылдын апрель айларында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө» токтому

Редакцияот 24.03.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2016-жылдын 22-апрели № 180

Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2015-жылдын май 2016-жылдын апрель айларында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө

Этика жана экология укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, Мырза-Аке айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2015-жылдын май, 2016-жылдын апрель айларында кабыл алынган, чечимдердин аткарылышы боюнча айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарынын берген билдирүүсү эске алынуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) активдүү депутаттары Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы айылдык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйлансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б. Тынай уулуна милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Кимсанов