ПостановлениеДействует

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 01-05/10 «Досматова Насиба Ахматкуловнанын 2016-жылдагы 12 (он эки) айлык отчетун угуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 07.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 7-марты № 01-05/10

Досматова Насиба Ахматкуловнанын 2016-жылдагы 12 (он эки) айлык отчетун угуу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси Досматова Насиба Ахматкуловнанын 2016-жылда аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренелерине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси Досматова Насиба Ахматкуловнанын 2016-жылда аткарган иштери боюнча берген 12 (он эки) айлык отчету «канааттандыраарлык» деп табылсын.

2. Шаардык Кеӊештин депутаттары тарабынан белгиленген кемчилдиктерди жоюу Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси Досматова Насиба Ахматкуловнага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

М.А.Сыдыков