Закон КР от 22 ноября 1999 года № 125 «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики»
Бишкек шаары 1999-жылдын 22-октябры № 125
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө
I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР II ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУ III ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН МЕНЧИКТӨӨ УКУГУ IV ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕННЕРИН САКТООНУ УЮШТУРУУ ЖАНА САКТОО ТАРТИБИ V ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН МАМЛЕКЕТТИК КАТТООГО АЛУУ ЖАНА САКТАЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ VI ГЛАВА. ИШКАНАЛАРДА, МЕКЕМЕЛЕРДЕ ЖАНА УЮМДАРДА ИШ КАГАЗДАРЫН УЮШТУРУУ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮҮ VII ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН ПАЙДАЛАНУУ VIII ГЛАВА. АРХИВ ИШИН ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРДИ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ IX ГЛАВА. АРХИВ МЕКЕМЕЛЕРИН КАРЖЫЛОО ЖАНА МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ЖАКТАН КАМСЫЗ КЫЛУУ X ГЛАВА. АРХИВ ИШИНДЕГИ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК XI ГЛАВА. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин топтоонун, каттоонун, сактоонун жана пайдалануунун, Кыргыз Республикасында документ жүргүзүүнү башкаруунун уюштуруу-укуктук жана экономикалык негиздерин белгилейт жана жөнгө салат.
I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду
Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду (мындан ары Улуттук архив фонду) - бул Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн ар түрдүү этаптарында мамлекеттик, экономикалык, коомдук-саясий, социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү иш процессинде түзүлгөн документтердин жыйындысы. Улуттук архив фондунун документтери элдин тарыхый жана маданий мурасы жана энчиси, анын документтештирилген тарыхы болуп саналат жана коом менен мамлекеттин муктаждыктарын канааттандырууга, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын жүзөгө ашырууга кызмат кылат. Улуттук архив фонду мамлекеттик архивдердин, ведомстволук архивдердин, менчигинин түрү ар кандай болгон юридикалык жактардын архивдеринин документтеринен, коомдук бирикмелер менен жеке адамдардын документтеринен түзүлөт.
2-статья. Архивдер
Мамлекеттик, ведомстволук архивдер, менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын архивдери жана жеке адамдардын менчик архивдери - архивдердин негизги түрлөрү болуп саналат. Архив документтерин пайдалануучулардын кызыкчылыгы үчүн бул документтерди кабыл алып жана туруктуу сактаган мамлекеттик архив мекемеси мамлекеттик архив катары түшүнүлөт. Өз ишканасында, мекемесинде жана уюмунда документтерди белгилүү мөөнөткө сактаган мамлекеттик ишкананын, мекеменин жана уюмдун же алардын структуралык бөлүмдөрүнүн архиви ведомстволук архив катары түшүнүлөт. Архивдик документтерди кабыл алган жана туруктуу сактаган архивдер менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын архиви катары түшүнүлөт. Жеке адам, үй-бүлө же бир уруктагылар түзгөн же мыйзамдуу негизде сатып алган (сатып алышкан) жана анын (алардын) ээлигинде турган архивдик документтердин комплекси жеке менчик архив катары түшүнүлөт.
3-статья. Архив фондун түзүүдө юридикалык жактардын милдеттери
Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар менчигинин түрүнө карабастан архив иши боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык архивдик документтердин топтолушун, катталышын, сакталышын жана пайдаланылышын камсыз кылууга миддеттүү.
II ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУ
4-статья. Улуттук архив фондунун курамы
Улуттук архив фонду Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде иштеген жана азыр да иштеп жаткан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын иш процессинде жыйналган документтерден турат. Буга: жогорку жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын, прокуратуранын, улуттук коопсуздук, ички иштер, коргоо органдарынын жана алардын окуу жайларынын, нотариаттын, загстардын; өнөр жай, айыл чарба жана менчигинин түрүнө карабастан экономиканын башка тармактарынын ишканаларынын; илим, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, кинематография, телекөрсөтүү, радио жана басма сөз мекемелеринин жана уюмдарынын; кесиптик союздардын, кооперативдик, чыгармачыл жана башка уюмдар менен коомдук бирикмелердин; диний уюмдардын; Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашып келген же азыр жайгашып турган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрүнүн; мамлекет карамагына алган архивдердин; жеке менчик архивдердин документтери; мамлекеттин менчигине мыйзамдуу негизде түшкөн башка документтер; Улуттук архив фондуна ошондой эле мамлекеттин менчигине түшкөн башка документтер, Кыргыз Республикасынын чегинен тышта сакталып турган жана эл аралык келишимдерге ылайык кайра берилүүгө тийиш болгон архивдик документтер кирет. Улуттук архив фонду ошондой эле юридикалык жактардын менчигиндеги, жарандардын жеке менчигиндеги, ошондой эле башка мамлекеттен түшкөн баалуу документтерди тартуулоо, мурастоо, сатып алуу жолу менен да толукталат. Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттин маалымат ресурстарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана башка маалымат ресурстары менен катар мыйзам тарабынан корголот.
5-статья. Улуттук архив фондунун курамына киргизилүүчү документтердин түрлөрү
Улуттук архив фондунун курамына мыйзам актылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун токтомдору, буйруктары жана нускамалары, эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер, тышкы саясатка тиешелүү башка документтер, прокуратуранын жана соттордун материалдары, башкарууга тийиштүү, статистикалык, илимий, технологиялык, ченемдик-техникалык, долбоорлоо-конструкторлук, патенттик, картографиялык, геологиялык, телеметрикалык жана машина окуй турган документтер, кино -, фото -, фонодокументтер, көркөм киноленталар, видеотасмалар, илимий, адабий, көркөм, музыкалык жана башка кол жазмалар, колго тартылган сүрөттөр, күндөлүктөр, мемуарлар, өздүк курам боюнча документтер жана документтердин башка түрлөрү кирет.
6-статья. Документтерди Улуттук архив фондуна таандык кылуу тартиби
Документтерди Улуттук архив фондунун курамына киргизүү, аларды пайдалануу, категориялары боюнча бөлүштүрүү же андан документтерди чыгаруу архив кызматкерлери жана билимдин ар түрдүү тармактарында иштеген адистер курамына кирген эксперттик комиссиялар тарабынан бул документтердин баалуулугун аныктаган экспертизанын негизинде жүргүзүлөт. Эксперттик комиссияларды түзүү жана иштетүү тартиби архив ишин башкаруучу республикалык орган тарабынан бекитилет. Документтерди Улуттук архив фондуна таандык кылуу же андан чыгаруу жөнүндөгү маселелерди чечүүдө пайда болуучу талаш-тартыш соттук тартипте чечилет.
7-статья. Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгү
Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгү өзүнүн түзүлгөн убактысына жана сакталган жайына карабастан мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелер менен уюмдардын документтерин, ошондой эле менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактар, чет мамлекеттердин архивдери мамлекеттик сактоого берген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте конфискацияланган жана реквизиттелген жана мамлекеттик архивдерге берилген документтерди камтыйт.
8-статья. Менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын архив фондулары
Жеке менчик, кооперативдик, коомдук жана башка ишканалардын, мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы менчигинин түрү мамлекеттик эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин, диний жана башка уюмдардын документтери Улуттук архив фондунун мамлекетке тиешелүү болбогон бөлүгүн түзөт.
9-статья. Жеке менчик архив фондулары
Бир адамдын, үй-бүлөнүн же бир уруунун жашоо жана иштөө процессинде топтолгон, жыйналган же алар мурас катары сатып алган жана мамлекеттин менчигине бербеген документтер жеке адамдардын жеке менчик архив фондуларын түзөт жана Улуттук архив фондунун мамлекеттик эмес бөлүгү болуп саналат.
10-статья. Өздүк курам боюнча документтер
Мамлекеттик органдар, менчигинин түрү мамлекеттик болбогон ишканалар, мекемелер, уюмдар, юридикалык жактар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу максатында өздүк курам боюнча документтерди жүргүзүүгө милдеттүү.
11-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жердеги тарыхый мурастар жөнүндө
Мамлекет өзүнүн аймагынын чегинен тышкары жердеги тарыхый мурастарды түзгөн документтерди кайтарып келүүгө карата чара көрөт, топтолгон жана тарыхый жактан Кыргыз Республикасы менен байланышкан документтерди издөөнү жана кайтарып келүүнү кубаттайт жана каржылайт.
III ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН МЕНЧИКТӨӨ УКУГУ
12-статья. Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүндөгү документтерди менчиктөө укугу
Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына кирген документтер мамлекеттин менчиги болуп саналат. Алар соода-сатык жана башка бирөөнүн менчигине берүү боюнча бүтүм түзүү объектилери боло албайт жана пайдаланууга гана берилет.
13-статья. Ведомстволук архивдердин документтерин менчиктөө укугу
Ведомстволук архивдер документтерди мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого өткөрүп бергенге чейин архивдик документтерге ээ болууга, пайдаланууга жана аны тескөөгө укуктуу. Ведомстволук архивдердин документтери соода-сатык жана аларды ээликтен ажыратып алуу боюнча башка бүтүм түзүүлөрдүн объектиси боло албайт жана сактоо мөөнөтү бүткөндөн кийин мамлекеттик архивдерге акысыз берилүүгө тийиш.
14-статья. Менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын документтерин менчиктөө укугу
Менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын менчиги болуп саналган архивдик документтер Улуттук архив фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүн түзөт жана алардын ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө болот. Аталган архивдик документтердин менчик ээлери өздөрүнө таандык болгон архивдик документтерди ыктыярдуу башталышта акысыз түрдө же белгилүү өлчөмдөгү акыга мамлекеттин менчигине берүүгө же аларды мамлекеттик архивдерде убактылуу сактоого укуктуу. Мамлекеттик архивдерге убактылуу сактоого документтерди берүүдө бул документтердин ээлери аларды менчиктөө укугун сактап калышат жана аларды сактоо боюнча ыгым-чыгымдарды мамлекеттик архивдерге компенсациялап берет. Менчиктөөчүнүн документтерди берүүсүнүн, пайдалануусунун тартиби жана сакталышы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү мамлекеттик архив менен документтердин ээсинин ортосунда түзүлгөн макулдашуу менен аныкталат.
15-статья. Жеке менчик архивдердин документтерин менчиктөө укугу
Жеке менчик архивдин документтерин менчиктөөчү Кыргыз Республикасынын архив иши боюнча мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү кошпогондо өзүнө таандык болгон архивдик документтерге ээ болууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Документтерди мамлекеттин менчигине берүүдө же мамлекеттин архивдерине сактоого коюуда ушул Мыйзамдын 14-статьясында баяндалган эрежелер колдонулат.
IV ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН САКТООНУ УЮШТУРУУ ЖАНА САКТОО ТАРТИБИ
16-статья. Улуттук архив фондунун документтерин сактоо тартиби
Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтерин туруктуу сактоо мамлекеттик архивдер, улуттук коопсуздук, коргоо, ички иштер, тышкы иштер органдарынын ведомстволук архивдери; - геология жана минералдык ресурстар; жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография; стандартташтыруу жана метрология, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана анын мекемелеринин тармактык фондулары тарабынан ишке ашырылат. Улуттук архив фондунун документтери, ошондой эле мамлекеттин менчигиндеги архив мекемелеринин имарат жайлары менчиктештирилүүгө жатпайт. Улуттук архив фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн документтерин туруктуу сактоону мамлекеттик музейлер, китепканалар, менчигинин түрү мамлекеттик эмес болгон юридикалык жактар жана жеке жактар ишке ашырышы же мамлекеттик архив кызматынын мекемелери менен макулдашуу боюнча аларды мамлекеттик архивдерге сактоого бериши мүмкүн. Мамлекеттик музейлерди жана китепканаларды, ошондой эле коомдук, диний бирикмелердин жана уюмдардын архивдерин, менчик архивдерди Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн түп нуска документтери менен комплектөөгө тыюу салынат.
17-статья. Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтерин комплектөө булактары бар уюмдарда убактылуу сактоо
Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтери мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого берилгенге чейин кызматтык, илимий жана башка максаттарда пайдалануу үчүн, ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда сакталат. Бул документтерди сактоо жана алар менен иш жүргүзүү үчүн ведомстволук архивдер түзүлөт, алар атайын имарат жайлар, жабдуулар, адистер жана зарыл окуу-методикалык адабияттар менен камсыз кылынат. Ведомстволук архивдерде документтерди сактоонун төмөндөгүдөй чектүү мөөнөттөрү белгиленет: жогорку мамлекеттик органдардын, республикалык маанидеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мамлекеттин менчигинде турган документтери үчүн - 15 жыл; областтык баш ийүүдөгү жергиликтүү аткаруу жана тескөө органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын документтери үчүн - 10 жыл, шаардык жана райондук баш ийүүдөгүлөр үчүн - 5 жыл; илимий техникалык документация үчүн - 25 жылга чейин; жарандык абалдын актыларынын жана нотариалдык аракеттердин жазуулары, өздүк курам боюнча документтер үчүн - 75 жыл; кинофильмдер, киножурналдар, фотосүрөттөр, фоно жана видео тасмалар, машина окуучу документтер үчүн - 3 жыл. Мамлекеттик архив кызматынын мекемелери келишим түзүү аркылуу Улуттук архив фондунун документтерин сактоо мөөнөттөрүн өзгөртө алышат.
18-статья. Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу мамлекеттик сактоого берүү
Ушул Мыйзамдын 17-статьясында белгиленген Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик комитеттерде, административдик министрликтерде, ведомстволордо, мамлекеттик ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда сактоо мөөнөттөрү өткөндөн кийин бул документтер тийиштүү илимий-маалымдама аппараты менен белгиленген комплектиде жана ирээтке салынган абалда мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого берилет. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого берүү тартиби архив иши боюнча мыйзамдар менен аныкталат. Мамлекеттик структуралардын катышуусу менен түзүлгөн эл аралык уюмдардын, биргелешкен ишканалардын документтери эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, мамлекеттик архивдерге сактоого берилет. Ишкерлик кылган, дыйкан (фермердик) чарбасын жүргүзгөн жарандар тараптардын макулдашуусу боюнча өндүрүштүк жана башка иши жөнүндө документтерди тарых үчүн маалымат катары сактап калуу максатында, ошондой эле өздүк курам боюнча документтерди мамлекеттик архивдерге сактоого бере алышат.
19-статья. Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактаган мамлекеттик архивдердин тармагы
Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактаган мамлекеттик архивдердин тармагы республикалык, областтык жана зоналык мамлекеттик архивдерден турат. Мамлекеттик архивдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын чечимдери менен түзүлөт. Республикалык мамлекеттик архивдер Улуттук архив фондунун документтери менен иш жүргүзүү боюнча республикалык илимий методикалык жана илим изилдөө борборлору, областтык архивдер уюштуруу-методикалык борборлор болуп саналышат. Мамлекеттик архивдер белгиленген тартипте мамлекеттин тарыхый-маданий мурастары сакталган өзгөчө баалуу объектилерге киргизилиши мүмкүн жана мындай учурда маданий-мурастардын өзгөчө баалуу объектилеринин мамлекеттик тизмесине киргизилет жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык күзөттүн жана пайдалануунун өзгөчө режимине алынат.
20-статья. Юридикалык жактарды кайра уюштурууда же жоюуда жана менчик ээсин жоготууда архивдик документтерди менчиктөө укугу
Мамлекеттик ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууда же жоюуда же фондду кармоочу документтердин сакталышын камсыз кыла албаган учурда, алардын документтик фондулары укук жолдоочуларга, ал эми алар жокто мамлекеттик архивдерге сактоого берилет. Документтерди жана мүлктү берүү үчүн түзүлгөн комиссиялардын курамына мамлекеттик архив кызматынын өкүлдөрү жана башка юридикалык жактардын адистери кирет. Менчигинин түрү мамлекеттик эмес, укук улантуучусу жок ишканалар, мекемелер жана уюмдар жоюлган учурда аларды каттаган органдар бул юридикалык жактардын документтерин сактоо боюнча чара көрүүгө жана архив мекемелери менен бирдикте аларды андан ары сактоону аныктоого милдеттүү. Мамлекеттик архив кызматынын органдары макул болгон учурда аталган юридикалык жактардын илимий-тарыхый баасы бар документтери мамлекеттик сактоого берилиши мүмкүн. Менчик ээсин жоготкон же менчик ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бул документтерди менчиктөө укугунан ажыраган архивдик документтер мамлекеттик архивге берилет.
V ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН МАМЛЕКЕТТИК КАТТООГО АЛУУ ЖАНА САКТАЛЫШЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ
21-статья. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик каттоого алууну уюштуруу
Улуттук архив фондунун документтери кайсы жерде сакталганына карабастан фонддор (коллекциялар) жана сактоо бирдиктери боюнча борбордоштуруп мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик каттоого алуунун тартиби архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан белгиленет.
22-статья. Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышын камсыз кылуу
Мамлекеттик органдар, мамлекеттик архив кызматынын мекемелери, менчигинин түрү мамлекеттик эмес юрдикалык жактар жана архив документтерин менчиктөөчүлөр (түзүүчүлөр) болуп саналган жарандар бул документтердин сакталышын камсыз кылууга, архивдердин имарат жайларын тийиштүү тартипте кармоого, алардын кайтарылышын уюштурууга, архив документтерин сактоо үчүн зарыл болгон технологиялык режимди колдоого, документтердин камсыздандыруу көчүрмөлөрүн жана пайдалануу фондуларын түзүүгө милдеттүү.
23-статья. Жарандардын менчигиндеги Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышы
Жеке менчигинде Улуттук архив фондунун документтери болгон жеке адамдар алардын сакталышын камсыз кылышат жана камсыздандыруу көчүрмөлөрүн алуу үчүн аларды архив мекемелерине беришет. Бул документтер ээлигинен ажыратыларда менчиктөөчү аны сатып алууга артыкчылык укугу бар мамлекеттик архив мекемелерине бул туурасында кабарлайт. Эгерде аталган документтердин ээси аларды сактоо шарттарын түзүү боюнча мамлекеттик архив кызматынын көрсөтмөсүн аткарбаса, ошондой эле бул документтерди сатып алууга мамлекеттик архив мекемелеринин артыкчылык укугун бузуу менен документтерди ээсинен ажыраткан учурда мамлекеттик архив кызматынын мекемелери бул документтерди мамлекеттик сактоого берүү жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
24-статья. Документтерди жок кылуу тартиби
Документтерди жок кылуу тартиби архив ишин башкаруучу республикалык орган тарабынан берилет. Документтердин тарыхый маанисин аныктоо үчүн ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мамлекеттик архив кызматынын жана башка тиешеси бар уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен эксперттик комиссиялар түзүлөт. Улуттук архив фондун түзүү булагы болуп саналган юридикалык жактарга мамлекеттик архив кызматынын органдарынын уруксатысыз архив документтерин жок кылууга тыюу салынат.
VI ГЛАВА. ИШКАНАЛАРДА, МЕКЕМЕЛЕРДЕ ЖАНА УЮМДАРДА ИШ КАГАЗДАРЫН УЮШТУРУУ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮҮ
25-статья. Иш кагазадарын жүргүзүү тартиби
Иш кагаздарын жүргүзүүнүн белгиленген тартибине ылайык мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда иш кагаздарын уюштурууну жана жүргүзүнү жөнгө салган ченемдик - методикалык документтерди иштеп чыгуу архив ишин башкаруунун республикалык органына жүктөлөт. Ишканалар, мекемелер жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар документтер менен иштөө, аларды иштеп чыгуу, кыймылга келтирүү жана сактоо тартибине коюлуучу ченемдерди жана талаптарды сактоого милдеттүү.
VII ГЛАВА. УЛУТТУК АРХИВ ФОНДУНУН ДОКУМЕНТТЕРИН ПАЙДАЛАНУУ
26-статья. Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу боюнча архивдик мекемелердин ишинин негизги багыттары
Республиканын архив мекемелери коомдун, мамлекеттин жана жарандардын муктаждыктарын канааттандыруу максатында Улуттук архив фондунун документтеринде камтылган маалыматтарды пайдаланууну мамлекеттик, чарбалык, саясий, илимий жана маданий милдеттерди чечүүдө пайдаланылышы мүмкүн болгон Улуттук архив фондунун документтери жөнүндө юридикалык жана жеке жактарга маалымат берүү; документтердин көчүрмөлөрүн жана справкаларды берүү; электрондук маалымат ресурстарын түзүү; маалымат каражаттарында Улуттук архив фондунун документтерин жарыялоо; документтердин жыйнактарын басып чыгаруу; иликтөө жана пайдалануу үчүн документтерди басып чыгаруу; документтердин көргөзмөлөрүн уюштуруу; Улуттук архив фондунун документтеринин курамы жана мазмуну жөнүндө маалымдамаларды басып чыгаруу жолу менен ишке ашырат.
27-статья. Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери
Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттик жана ведомстволук архивдерге сактоого түшкөн учурдан тартып пайдалануу үчүн ачык. Ар бир жеке адам мамлекеттик архивдин документтерин пайдаланууга укуктуу. Мамлекеттик архивдерде Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери ушул мыйзамдын негизинде архив ишин башкаруучу республикалык орган тарабынан, ал эми министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда сакталып турган Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу тартиби - архивдердин ишинин колдонуудагы эрежелерине ылайык ушул юридикалык жактардын башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Архив мекемелери архивдик документтерде камтылган жана мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, аскердик, кызматтык, коммерциялык жана башка сырды сактоого милдеттүү. Архивдик документтерди пайдаланууну чектөөгө төмөндөгү учурларда жол берилет: а) мамлекеттик сырдын чыгып кетишине алып келиши мүмкүн болсо; б) архивдик документтердин сакталышына зыян келтириши мүмкүн болсо (мындай учурда түп нусканын ордуна көчүрмө берилет); в) архив документтеринин ээси (түзүүчүсү) болуп саналган жарандардын жеке кызыкчылыгына зыян келтирсе. Калган учурларда архив документтерин пайдалануудан баш тартууга жол берилбейт. Улуттук архив фондунун мамлекеттик, аскердик, коммерциялык же кызматтык сырды камтыган документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү улуттук коопсуздук органдарынын документтерин (улуттук коопсуздук органдарынын документтерин пайдаланууга чектөө оперативдүү маанисин жоготкон мезгилден тартып 75 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет) кошпогондо, документтер түзүлгөн учурдан тартып 30 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Жашыруун сактоонун 30 жылдык мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу же мамлекеттин мыйзам актыларынын негизинде өзүнүн жашыруун мүнөзүн жоготкон Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтеринин жашыруундук белгисин өзгөртүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик архив кызматынын системасындагы мекемелер, мамлекеттик музейлер жана китепканалар, ведомстволук архивдер тарабынан жүргүзүлөт. Архив документтеринин ээлери (түзүүчүлөрү) болуп саналган жарандар алардын мазмунун жарыя кылбоону шарттоого же аларды пайдаланууну 75 жылга чейинки мөөнөткө чектөөгө укуктуу. Мамлекеттик архивдерге түшкөн жеке менчик архивдердин документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү мөөнөтү аларды берген жарандар тарабынан шартталышы мүмкүн, бирок берилген учурдан тартып 75 жылдан ашпоого тийиш. Документтер сактоого берилгенде бул документтердин ээси (түзүүчүсү) кайсы маалыматтарды жарыя кылууга болбой тургандыгын мамлекеттик архивге жазуу жүзүндө эскертүүгө тийиш. Архив документин пайдалануучу, эгерде бул документти пайдаланууга мыйзамда чек коюлбаса, документтин сакталган жерине шилтеме берүү менен архив документин жарыялоого, окуп берүүгө жана башкача түрдө пайдаланууга укуктуу.
28-статья. Архив документтерин пайдаланууга берүүдөн баш тартуу жана баш тартууну даттануу тартиби
Архив документин көрсөтүүдөн, пайдаланууга берүүдөн, көчүрмөлөөдөн, угузуудан, ал боюнча справка, көчүрмө берүүдөн баш тартуу ушул мыйзамдын 27-статьясында каралган негиздерде гана мүмкүн. Архив документтерин пайдаланууга берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат. Архив документин пайдаланууга берүүдөн баш тартуу жеке адамга үч күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, ал эми жарандын же уюмдун жазуу жүзүндө түшкөн суроо-талабы боюнча 15 күндүк мөөнөттө, өзгөчө татаал учурларда - суроо-талап алынган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен билдирилет. Архив документин пайдалануута берүүдөн баш тартуу жеке адам же уюм тарабынан жогору турган кызмат адамына же сотко даттанылышы мүмкүн. Архив документтерин пайдаланууга берүүдөн негизсиз баш тартуу маалымат пайдалануучуга материалдык же моралдык зыян келтирсе, архив ишин башкаруу органы келтирилген материалдык жана моралдык зыянды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өндүрүп берет.
29-статья. Улуттук архив фондунун документтеринде камтылган маалыматты укуктук жактан коргоо
Улуттук архив фондунун документтеринде камтылган маалыматтарды коргоо максатында мамлекетик жана ведомстволук архивдер жарандарга Улуттук архив фондунун документтеринин көчүрмөлөрүн берүүдө аларды пайдалануу шарттарын белгилөөгө укуктуу. Жекече түзүлгөн архивдик документтин авторлоруна жана алардын мурастоочуларына аталган документтер чектөөсүз пайдалануу үчүн берилет. Маалыматты пайдалануучуларга документтерди китеп, факсимильдик басылма, микрографиялык көчүрмө түрүндө жарыялоо, документтердин көргөзмөсүн уюштуруу, телекөрсөтүү боюнча көрсөтүү жолу менен пайдалануу укугу берилет. Документтерди коммерциялык максатта пайдалануу лицензиялардын негизинде жүргүзүлөт, аларды алуу тартиби, түрү жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет. Документтерди коммерциялык пайдаланууда аларды менчиктөө укугу сакталып кала берет.
VIII ГЛАВА. АРХИВ ИШИН ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРДИ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
30-статья. Архив ишин жана документтерди мамлекеттик башкаруу
Архив ишин жана документтерди мамлекеттик башкаруу архив ишин башкаруучу республикалык орган, жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүп, алар түзүүчү архив ишин башкаруу органдары бул милдетти ишке ашырат. Мамлекет архив ишин жана документтерди башкарууну өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылып, бул үчүн зарыл шарттарды түзүп берет.
31-статья. Мамлекеттик архив кызматы. Анын ишинин милдеттери жана негизги багыттары
Мамлекеттик архив кызматын архив ишин башкаруучу органдар жана архив мекемелери түзөт. Архив ишин башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтерин сактоо, сакталышын камсыз кылуу, борбордоштуруп мамлекеттик каттоого алуу, документтерди комплектөө, аларды пайдалануу, белгиленген тартипте жарыялоо, ошондой эле башкаруу ишин документтештирүүнүн азыркы учурдагы системаларын иштеп чыгуу жана колдонуу, мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иш кагаздарынын абалына жана жүргүзүлүшүнө контроль кылуу, бул ишти уюштурууда, кадрларды даядоодо жана квалификациясын жогорулатууда аларга усулдук жардам көрсөтүү боюнча милдеттер жүктөлөт. Мамлекеттик архив кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын аймагында менчигинин түрүнө, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке адамдар тарабынан кимдин жараны экендигине карабастан архив иши боюнча мыйзамдардын кынтыксыз сакталышына контроль жүргүзөт. Архив ишин башкаруу органдарынын архивдердин ишинин маселелери жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу боюнча чечимдери жана көрсөтмөлөрү бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат.
32-статья. Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышына, катталышына жана пайдаланылышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл
Мамлекеттик архив кызматынын мекемелери, министрликтер, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана бардык жеке жактар Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, каттоону жана пайдаланууну камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарышына мамлекеттик контролду мамлекеттик бийлик органдары ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын сакталышына, атайын эрежелерде жана нускамаларда белгиленген документтер менен иштөө ченемдеринин жана принциптеринин сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү мамлекеттик архив кызматынын системасында түзүлгөн атайын ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт. Мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн отурумдарында тийиштүү аймакта жайгашкан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иш кагаздарын жүргүзүү жана документтердин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди кароого милдеттүү.
33-статья. Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышына, катталышына жана пайдаланылышына ведомстволук контроль
Өзүнө караштуу ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда жана бирикмелерде Улуттук архив фондунун документтерин топтоонун, сакталышын камсыз кылуунун, каттоонун жана пайдалануунун белгиленген тартибинин сакталышына ведомстволук контроль тийиштүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ошондой эле коомдук бирикмелердин борбордук органдары тарабынан ишке ашырылат. Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттик архивдерге берилгенге чейин алардын толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчиликти ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери тартат.
IX ГЛАВА. АРХИВ МЕКЕМЕЛЕРИН КАРЖЫЛОО ЖАНА МАТЕРИАЛДЫК- ТЕХНИКАЛЫК ЖАКТАН КАМСЫЗ КЫЛУУ
34-статья. Архив мекемелерин каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
Мамлекеттик жана ведомстволук архивдерди каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өз каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган акыга кызмат көрсөтүүдөн алынган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат. Акыга көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Менчигинин түрү мамлекеттик эмес архив мекемелери жана жеке менчик архивдер аларды түзгөн менчигинин түрү мамлекеттик эмес юридикалык жактардын, жарандардын каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен күтүлөт. Мамлекеттик органдар, ишканалар, мекемелер жана уюмдар архив документтерин сактоонун тийиштүү шарттарын камсыз кылып берүүгө милдеттүү.
35-статья. Архивдерди өнүктүрүү фонду
Архивдерди өнүктүрүү фонду архив ишин башкаруунун республикалык жана жергиликтүү органдары тарабынан архив ишин каржылык колдоо жана өнүктүрүү максатында демөөрчүлүк каражаттын, гранттардын жана акыга кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешенин эсебинен түзүлөт.
X ГЛАВА. АРХИВ ИШИНДЕГИ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК
36-статья. Архив ишинде эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттары
Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин архив мекемелеринин ортосундагы өз ара мамилелер алардын кызматташтыгы жөнүндөгү келишимдердин негизинде түзүлөт. Мамлекет эгерде колдо бар архивдик документтерди өз ара пайдалануу өзүнүн эгемендигине зыян келтирбесе, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин архив мекемелеринин ортосундагы карым-катнаштарды кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.
37-статья. Эл аралык келишимдердин колдонулушу
Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
38-статья. Архивдик документтерди Кыргыз Республикасынан алып чыгуу
Башка мамлекеттерге көргөзмөгө коюу үчүн убактылуу алып чыгууну кошпогондо, Улуттук архив фондунун документтеринин түп нускаларын Кыргыз Республикасынан алып кетүүгө тыюу салынат. Улуттук архив фондунун документтерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу алып чыгуу архив ишин башкаруунун республикалык органынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
39-статья. Чет мамлекеттердин архивдик документтерин Кыргыз Республикасына алып келүү
Чет мамлекеттердин архивдик документтерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү же ал аркылуу алып өтүү шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
40-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын архивдерден пайдалануу укугу
Чет мамлекеттердин жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар архивдерден пайдаланган учурда эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей эле деңгээлде укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
XI ГЛАВА. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
41-статья. Архив иши боюнча мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын архив иши боюнча мыйзамдарын бузууга күнөөлүү болгон юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Юридикалык жак укугуна ээ болушкан мамлекеттик, ведомстволук жана жеке менчик архивдер архив иши боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте бардык милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат. Мындай укуктан пайдаланбаган архивдердин аракети үчүн бул архивдер карамагында турган юридикалык жактар жоопкерчилик тартат.
42-статья. Архивдик документтердин зыянга учуратылганы же жок кылынганы үчүн материалдык жоопкерчилик
Архивдик документтердин зыянга учуратылышынын же жок кылынышынын натыйжасында келтирилген мүлктүк зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күнөөлүү жеке же юридикалык жактардан өндүрүлүүгө тийиш.
43-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып: "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., №2,55-ст.); "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., №2. 56-ст.), - күчүн жоготту деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Эскертүү: Ушул Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги кабыл алынган датасы кагаз түрүндөгү версиясына ылайык
|