ПостановлениеДействует

Кең-Арал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-майындагы № 11 «Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 21.05.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 21-майы № 11

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451 сандуу токтомуна ылайык Кең-Арал айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин.

3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү (Саманчиева Г.) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кең-Арал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Бейшеналиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

И. Изаканов