ПостановлениеДействует

Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин 2016-жылдын 4-февралындагы № 2 «2016-жылдын үчтүн айынын 1ине карата Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттары жөнүндө» токтому

Редакцияот 04.02.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 4-февралы № 2

«2016-жылдын үчтүн айынын 1ине карата Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттары жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын 2016-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттын чыгымдарга бөлүп берүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 4033,9 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча-каражаттарынын эсебинен жыл ичинде төмөндөгүдөй чыгымдарга бөлүнүп берилсин:

 - айыл ѳкмөтүнө сатылып алынган айыл чарба техникасы (трактордун Белорус МТЗ) калдык карызы үчүн 1986,0 миң сом;

- мамлекеттик алым төлөө үчүн 150,0 миң сом;

- Бает айылындагы таза суу системасын орнотуудагы калдык карызы үчүн 145,3 миң сом;

- Чок-Тал айылындагы кичи футбол аянтчасын куруудагы калдык карызы үчүн 149,5 миң сом;

- Бает айылына бала бакча салуу үчүн 1578,1 миң сом;

- айланма каражаттын жүгүрүмдүүлүгү үчүн кассага – 25,0 миң сом.

2. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик - укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

У. Абдырахманов