ПостановлениеДействует

Нурманбет айылдык кеңешинин 2015-жылдын 23-декабрындагы № 95/ХХ1-26 «Нурманбет айылдык кеңешинин 2016-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 23.12.2015
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-декабры № 95/ХХ1-26

Нурманбет айылдык кеңешинин 2016-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясында айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата иш планын карап чыгып жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата иш планы бекитилсин.

2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына:

- айыл өкмөтүнүн иш планында бекитилген маселелер өз убагында айыл өкмөтүнүн отурумунда каралсын

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Андашов

 

 

Тиркеме

Нурманбет айылдык кеңешинин

2015-жылдын 23-декабрындагы

№ 95 токтому менен бекитилген

 

Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата иш планы

№№ к/н

Иш чаралардын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

 

 

1.Нурманбет айыл өкмөтүнүн отурумдары

1

Жалгыз бой кары адамдар менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

январь

С. Маймендеева

2

Жергиликтүү калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча Нурманбет айылдык ҮДТ жана А.Токтоналиев айылынын ФАПынын иши жөнүндө

февраль

А. Джумабаева

3

Айыл өкмөтүнүн арткаруучулук тартиби жөнүндө

март

Ч. Исакова

4

Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында жашылдандыруу,көрктөндүрүү санитардык тазалоо боюнча

апрель

Б. Артыкбаев

Э. Джусупов

5

Аймактагы диний абал жөнүндө

май

Ч. Исакова

Э. Молдобаев

Ж. Жайлообаев

6

Нурманбет айыл өкмөтүндө жарандардын арызын кароо боюнча 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзүлгөн иши жөнүндө

июнь

Ч. Исакова

7

2016-жылдын бюджетинин 2-кварталда аткарылышы боюнча каржы-экономикалык бөлүмүнүн аткарган иши жөнүндө

июль

С. Көчөралиева

Д. Джолбунова

 

8

М.Койбагаров жана А.Молдокулов атындагы орто мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыктары жөнүндө

август

Г. Алышбаева

Г. Султаналиева

9

Жаштар арасында спорт жана дене тарбиясын өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн аткарган иштери жөнүндө

сентябрь

К. Малдыбаев

10

Айыл өкмөтүндө коррупциянын алдын алууга карата жасалган иштер жөнүндө

октябрь

Г. Долбаева

 

11

Нурманбет айыл өкмөтүндө кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө

ноябрь

Милициянын аймактык тескөөчүсү

Сулайманов С

12

Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

декабрь

Ч. Исакова

 

 

 

 

2.УЮШТУРУУ ИШ ЧАРАЛАРЫ.

 

 

1

Жергиликтүү калктын калың катмары менен биргеликте айыл өкмөтүнүн аймагын көрккө жана тазалыкка келтирүү

Жыл ичинде

айыл өкмөтү,

жергиликтүү калк

2

Жергиликтүү жамааттардын курултайын жана айыл жыйындарын даярдап өткөрүү.

Ар дайым

айыл өкмөтү,

жергиликтүү калк

3

Айылдык кеңештин депутаттарына шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөк көрсөтүү

Ар дайым

Айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери

4

Айылдык кеңештин сессиясына материалдарды дайындоо

Ар дайым

Айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери

5

Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоолону даярдап өткөрүү иштерин уюштуруу

Ар дайым

Айыл өкмөтү

айылдык кенеши

6

Майрамдар жана башка иш чараларды даярдап өткөрүү иштерин уюштуруу:

- Курултай

- Нооруз майрамы

- Жеңиш күнү

- Энелер күнү

- Балдарды коргоо күнү

- КР Эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгы

- Карылар күнү

- Майыптар күнү

Ар дайым

Айыл өкмөтү

 

Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы:                    А. Ниязов