ПостановлениеДействует

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-майындагы № 01-05/ 249 «Мал-жандыктарды эмдөө тарифин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 10.05.2016
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКО-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 10-майы  № 01-05/ 249

Мал-жандыктарды эмдөө тарифин бекитүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ветеринары К.Алиевдин мал-жандыктарды эмдөө тарифин бекитип берүүнү суранган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ветеринары Алиев Кыдырназардын кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекитилген эмдөө тарифтери боюнча ишин так алып баруу Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ветеринары К. Алиевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

 

Төрага

А. Нусупбеков