ПостановлениеДействует

Сон-Көл айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-январындагы № 2/2 «Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 15.01.2017
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2017-жылдын 15-январы № 2/2

Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесине,Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 27.12.2011-жылдагы № 423 токтому менен бекитилген”Айыл өкмөтүнүнг башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобонун 3 пунктуна ылайык жана Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер болуп,Чекирбаев Эркинбек Замирбекович¸Садыков Эркинбек Калыкович, Айманов Урматбек Муканбетовичтер сунушталсын.

2. Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна сунуш кылынган талапкерлердин документтерин карап, каттоодон өткөрүп берүү жагы Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

 

Төрага

А. Жакыпов