ПостановлениеДействует

Талаа-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-мартындагы № 3/9 «Талаа-Булак айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» 2017-жыл үчүн бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.03.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги III-сессиясы

 

2017-жылдын 17-марты № 3/9

Талаа-Булак айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2017-жыл үчүн бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “ Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48 беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” “2017-жыл үчүн бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу бюджеттик долбоору жөнүндө Т.Ниязалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасынын негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагнын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2017-жылга карата бюджети Киреше бөлүгү 513240 сом Чыгаша бөлүгү 513240 сом өлчөмүндө бекитилсин

2. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт пайданануучулар бирикмесинин 2018-жылга бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 520000 сом чыгаша бөлүгү 520000 сом болуп белгиленсин

 3. Талаа-Булак айыл аймагынын Жайыт пайданануучулар бирикмесинин 2019-жылга бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 520000 сом чыгаша бөлүгү 520000 сом болуп белгиленсин

 4. Талаа-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын киреше бөлүгүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Ниязалиевге милдеттендирилсин

 

Төрага

Р.Эсекеев