ПостановлениеДействует

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2017-жылдын 17-февралындагы № 18 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу» Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы Т Чыбышевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык Кеңешинин 6-чакырылышын кезектеги бешинчи сессиясы төмөндөгүдөй» токтому

Редакцияот 19.04.2017
Скачать .docx
Текст документа опубликован только на кыргызском языке
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы

 

2017-жылдын 17-февралы № 18

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу» Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы Т Чыбышевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык Кеңешинин 6-чакырылышын кезектеги бешинчи сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик жайыт комитетинин 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 317025 (үч жүз он жети миё жыйырма беш) сомго, чыгаша бөлүгү 317025 (үч жүз он жети миё жыйырма беш) сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

2. Салам-Алик жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 351465 (үч жүз элүү бир миё төрт жүз алтымыш беш ) сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 351465 ( үч жүз элүү бир миё төрт жүз алтымыш беш) сомго бекитилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы Салам-Алик жайыт комитетинин төрагасы Т.Чыбышевке милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Шайбеков И.